Кыргыз жериндеги "МувГрин" жаштар кыймылы Бишкектин абасынын булганганына байланыштуу маалыматтарды интернетке жарыялады. Андан Бишкектин айрым жерлеринин абасы нормадан 20 эсе булганганын байкоого болот. Буга чейин да борбор калаанын абасында уулуу заттар көбөйгөнү айтылып, ага 70 пайыз автоунаалардан чыккан түтүн себепчи экени белгилүү болгон. Андан сырткары мындай булганууга Бишкек жылуулук электр борборунун да тиешеси бар экени айтылган.
SUPER.KG порталынын "Бишкектин абасы нормадан 20 эсе көп булганыч экени айтылууда. Бул көйгөйдү ким жана кантип чечиши керек?" деген соболуна экология тармагындагы эксперт Азамат Темиркулов жооп берди.
Ал абанын булгануусуна шаар ичиндеги транспорттун көптүгү жана андан чыккан түтүн терс таасирин тийгизип жатканын айтты.
"Унааларын түтөтүп жүргөн айдоочуларга кандайдыр бир айып пул салыш керек. Европада жыл сайын автоунаалардын түтүнү текшерилип турат. Эгерде нормадан ашык болсо, айып пул салынат. Кыргыз мамлекети да айдоочуларга айып пул салышы керек. Ошондой эле ЖЭБге көмүр жакканды азайтып, электр энергиясына өткөрүү керек. Бул көйгөйдү чечүү - эң биринчи мамлекеттик уюмдардын милдети. Абаны булгабоо тууралуу мыйзам долбоорлорун киргизип, ошонун алкагында иш алып барышы керек. Ал эми жарандар күзүндө түшкөн жалбырактарды өрттөп жибербей, кайра иштетүүгө жиберүүлөрү зарыл. Мына ошондо гана абанын булгануусунан коргоно алабыз", - деди.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Тазабек Икрамов, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов, эколог Бактыгүл Стакеева, жарандык активист Мураталы Үчкемпировдун пикири бул шилтемеде.