Бишкекте жана Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-июлда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Космический, Курчатов, Кронштадтский, Фучик, Киев, Раззаков, Малый БЧК, Элебесов, Жибек Жолу, Панфилов көчөлөрүндө, Леспромхозный  көчөсүндөгү №14-көп кабаттуу үйдө, Рухий Мурас конушунда электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле бул күнү ушул эле мезгилдерде Чүй облусунун Сокулук районундагы Белек айылында, Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айылында, Кара-Балта шаарынын Свердлов, Октябрь, Железнодорожный, Биринчи Май көчөлөрүндө, Жеңиш аймагындагы №11-көп кабаттуу үйдө, Кемин районуна караштуу Кемин шаарында, Ак-Бекет, Жыламыш  айылдарында электр энергиясы чектелет. Электр энергиясын убактылуу чектөө электр тармактарындагы алдын алуу иштерине жана 6/10 кВ аба электр берүү чубалгыларындагы өсүп кеткен бак бутактарды кыйып, зымдарды тарттырып, кемтик изоляторлорду алмаштыруу иштерине байланыштуу болмокчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан