Төрага Асылбек Жээнбеков Сауд Арабия падышалыгынын элчисин кабыл алды

Кечээ, 11-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Сауд Арабия падышалыгынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы кабыл алды. Төрага А.Жээнбеков Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси кызматына дайындалышы жана Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Сауд Арабиясынын салмактуу экономикалык потенциалын белгилеген төрага соода-экономикалык кызматташуу активдешерине ишенерин билдирди. Жолугушууда эки тараптуу ийгиликтүү карым-катнаштын үлгүсү катары 2011-жылы Сауд Арабиясынын Өнүктүрүү фондунан Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 1 бөлүгүнүн курулушуна 15 миллион доллар бөлүнгөндүгү белгиленди. А.Жээнбеков Мекке жана Мединага ажылыкка барууну каалаган Кыргызстандын жарандарына ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Өз кезегинде элчи Абдурахман бин Саид Аль-Жума Сауд Арабиясы келечекте Кыргызстан менен кызматташууну дагы активдештирүүгө кызыкдар экенин айтып, мамлекеттер аралык мамилелер менен парламенттер аралык байланышты өнүктүрүү үчүн бар күч-аракетин жумшаарын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан