Баткен облустук прокурорунун өлүмүнө байланыштуу анын эки орун басары жана бөлүм башчылары жумуштан алынды

Баткен облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу болуп Орозбек Бердибаев дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, мындай чечим башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун Баткен облусунда киши колдуу болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу өткөргөн жабык жыйынында кабыл алынды.

Ошондой эле жыйында Мамажакыповдун өлүмү боюнча жүргүзүлүп жаткан териштирүү иштерине байланыштуу облус прокурорунун 2 орун басары, 2 бөлүм башчысы жана Баткен райондук прокурору убактылуу жумушунан алынды. Алардын ордуна ошол эле учурда башка адамдар дайындалганы кабарланды.

Облустук милициянын маалыматына караганда, Мамажакыповдун унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынан, жансыз денеси эртеси шаардын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган. Анын өлүмү боюнча эки кылмыш иши ачылып, шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы кармалып камакка алынган.

Буга чейин маалым болгондой, Мамажанов, Калыков облустагы прокуратуранын 4 кызмат адамы менен 17-ноябрь күнү аңчылыкка чыгышканы кабарланган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан