Депутат облус прокурорунун өлүмү боюнча анын жанында болгон башка прокурорлор эмне себептен жоопкерчиликке тартылбаганына кызыкты

Баткен облусунун прокурорунун өлүмү боюнча "Эмне себептен ал менен чогуу болгон прокурорлор жазага тартылган жок?" - деп бүгүн, 16-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында депутат Аида Касымалиева айтты.

“Облустун прокурорунун өлүмү боюнча ошол түнү анын жанында бирге болгон прокурорлор эмне себептен жоопкерчиликке тартылган жок деген суроо жаралып жатат”, - деди депутат.

Буга башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: “Бул кылмыш иши боюнча тергөө тобу иш алып барган. Мен да барып, окуя кандай болгонун иликтегенбиз. Учурда кылмыш иши аягына чыга элек. Бул окуя боюнча 6 адам ээлеген кызматынан бошотулган”, - деди.

Бул кылмыш иши боюнча сиздер так жооп беришиңиздер керек. Себеби так жооп жоктугунан бүдөмүк ойлор жарала берет. ЖМКнын өкүлдөрү да ар кандай ойлорду жазып чыгышы мүмкүн. Ошол себептен бул окуя боюнча катуу көзөмөл болсо”, - деп кошумчалады депутат.

“Кылмышка шектүү жаран кармалган. Облус прокурорунун жанында болгон прокурорлор күбө катары суралган. Эгер алардын күнөөсү далилденсе, сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылат”, - деди Жамшитов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан