Баткен облустук прокурорунун өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун арызы канааттандыруусуз калды

Киши колдуу каза болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун аңчылыкка кошо чыккан адамдар менен түшкөн сүрөтү Баткен облустук соту облус прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган Мелис Калыковдун арызын канааттандыруусуз калтырды. Мындай чечим облустук сот тарабынан 30-январда кабыл алынганын SUPER.KG'ге Калыковдун бир тууганы Дариха Калыкова кабарлады.

Анын айтымында, сот Калыков 20 саат Баткен ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында мыйзамсыз кармалганына далилдер жок деген чечимге келди.

"Буга чейинки райондук сотко агамды алып келбей жатышкан. Арызданып отуруп облустук соттун отурумуна алдырып келдик. Агам 20 саат убакыт мыйзамсыз кармалганы жана кыйноого кабылганы боюнча баарын айтып берди. Бирок сот далилдер жок деп арызды канааттандырган жок. Себеби каттоого алынганы гана болбосо башка эч нерсе жок экен. Милициянын маалыматына караганда, алар агамды кетип кал дегенине карабай милиция бөлүмүндө жүрө берген экен. Ошол кантип болсун? Биз 20 саат акыйкатты талап кылып сыртта турдук да. Агам деле жөн эле жүрө бермек эмес. Аны 17-ноябрь күнү түнкү саат 22:50 чамаларда үйдөн кармат кетишип, эртеси күнү кечинде шектүү катары камакка алышкан. Ошондуктан мыйзамсыз кармалганын, сабоого кабылганын айтып арыздансак, далилдер жок деп арызыбызды канааттандырбай жатышат", - деди Калыкова.

Баткен облусунун прокурору Мамажакыповдун киши колдуу каза болгон жансыз денеси өткөн жылдын 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Баткен шаарындагы Таңги-Өтөк участкасында табылган. Кылмыш иши козголуп, шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалып, камакка алынган.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан