Кечээ, 20-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана экс-премьер-министрлер менен жолуккан. Анда 13 экс-спикер, 9 мурунку премьер-министр катышкан. Алар өздөрүнүн сунуштарын жана пикирлерин айтышкан.
SUPER.KG порталынын "Жолугушуудан кандай жыйынтык күтүүгө болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жооп берди.
Ал мурунку премьер-министр, спикердин бүгүнкү күндө коомчулукта ар биринин өзүнүн орду бар деген пикирде.
"Жолугушууда ынтымакка чакырса, анда бир топ жакшылыктар болушу мүмкүн. Эгерде алардын ар бири өзүнүн жолу менен кетсе, анда баягыдай эле калабыз. Менин оюмча, президенттин мурунку өкмөт башчыларды, спикерлерди чакырганы коркунучтардан сак, чогуу бололу дегенди түшүндүрөт. Бирок жолугушууга катышпагандыктан эмне жөнүндө сөз болгонун билбейм. Мени жыйынга чакырышкан жок. 2010-жылдын апрель айында спикер болгондуктан, мени мыйзамсыз төрага катары тоготушпайт.
Мурдагы премьер, спикерлер ар бири өз мезгилинде чоң каталарды кетирген, бирок алардын көпчүлүгүнүн артында колдогон эли бар", - дейт Масалиев.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошова, юрист Нурбек Токтакунов, жарандык активисттер Тимур Саралаев, Өндүрүш Токтонасыров, саясий серепчилер Бакыт Бакетаев, Нурсултан Акылбектин жообу бул шилтемеде.