Депутат Ирина Карамушкина: "Президент Атамбаевге нааразы болгон тараптан колдоо издеп жатат"

Кечээ, 20-ноябрда президент Сооронбай ЖээнбековЖогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана экс-премьер-министрлер менен жолуккан. Анда 13 экс-спикер, 9 мурунку премьер-министр катышкан. Алар өздөрүнүн сунуштарын жана пикирлерин айтышкан.

SUPER.KG порталынын "Жолугушуудан кандай жыйынтык күтүүгө болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жооп берди.

Ал Атамбаев өлкөнүн тарыхына изин калтырганын айтты.

"Президент Атамбаевге нааразы болгон тараптан колдоо издеп жатат. Эмнеге? Бул Сооронбай Жээнбековго эмне берет? Аларды саясий аренада Алмазбек Атамбаевге каршы колдонгону жатабы? Бүгүн эле Зайнидин Курманов башкача комментарий берип жатат. Ал Атамбаевдин убагында эмне деп комментарий берчү эле? Чагымчылдардан жана алсыз инсандардан колдоо издегени Сооронбай Жээнбековдун президент катары алсыздыгы. Атамбаев менен “согушкандын” ордуна ал өлкөнү кризистен чыгаруу үчүн Кыргыз-Орус ишкерлер биримдигин, жазуучуларды, эмгек сиңирген экономисттерди чогултушу керек эле. Бул адамдын майдачылдыгы. КСДПга тийишпесин, ансыз да бул партияда ич ара жиктешүлөр болууда. Кээ бирлер өлкөнүн лидери ким, партиянын лидери ким дегенди алмаштырып жатат. Атамбаевди канча жаман көрүшпөсүн ал өлкөнүн тарыхына изин калтырды. Сооронбай Жээнбеков эмнени калтырат болду экен?" - дейт Карамушкина.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, экс-депутат Жылдызкан Жолдошова, юрист Нурбек Токтакунов, жарандык активисттер Тимур Саралаев, Өндүрүш Токтонасыров, саясий серепчилер Бакыт Бакетаев, Нурсултан Акылбектин жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан