Жалал-Абад. Вице-мэр шаардагы ишканалардын абалы менен таанышып чыкты
Бүгүн, 12-июлда Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Тайырбек Чойбеков жана мэриянын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров ММК өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардагы өнөр жай ишканалары менен таанышып чыгышты. Алгач Спутник шаарчасындагы азиздер жана дүлөйлөр окуу- өндүрүштүк ишканасына, "Келечек" ачык акционердик коомунун "Бурулсун ПЭТ" филиалына жана башка мекемелерге барышты. "Ар апта сайын график боюнча саат 09:00дөн 12:00гө чейин шаар аймагындагы ишканалар менен таанышып, алардын жетишкендиги, көйгөйлөрү боюнча кеңири маалымат алып, маселелерди шаардык, облустук, республикалык деңгээлде чечүүгө аракет кылабыз",- дейт вице-мэр.