Бүгүн, 12-июлда облустук Ысык-Көл мамлекеттик администрациясына Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан "СК Ресурс" жана "Каприз" ЖЧКларынын сатыкка коюлушуна каршылык билдиришип Жол-Колот айылынын тургундары келишти. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Маалыматка таянсак, облус башчы Эмил Каптагаев Ысык-Көл районунда өтүп жаткан кезексиз сессияга катышууга кеткендигине байланыштуу Жол-Колот айылынын тургундары менен облус өкүлүнүн орун басары Роза Кайыкова жолугуп, маселе облус башчысы келген соң карала турганын белгиледи. Андан соң чогулгандар таркап кетишти.