Жогорку Сот: "16-июлда “ата журтчу” 3 депутаттын иши каралат"

"Ата Журттун" 3 депутатынын ишин Жогорку Сотто кароо күнү белгилүү болду. Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча Жогорку Соттогу биринчи отурум 16-июль күнү саат 11:00дө башталат. Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндө процесске катышуучу бардык тараптарга тиешелүү түрдө маалымат берилди. Эске салсак, 17-июнда Бишкек шаардык соту аталган депутаттарды толук актап, абактан бошоткон. Алар “бийликти күчкө салып тартып алууга аракет жасаган”, "өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү уратууга чакырык жасаган" деген жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан