КҮНСЕРЕП: Окуучу менен студент - өкмөткө даяр жана бекер демонстрант. Аларды колдонуу токтобойбу?

Бүгүн, 23-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга сересеп салабыз.

Ош мэриясы студенттер менен окуучуларды жөө жүрүшкө чыгууга мажбурлап жатат деп сынга алынууда. Ош мамлекеттик университетинин проректору Түмөнбай Колдошов интернет баракчасына "ар бир ЖОЖдон 1000 студент, шаардагы мектептерден 1000 окуучу "терроризмге каршыбыз" деп көчөгө чыксын деген тапшырма келди" деп жарыялап, көп өтпөй бул билдирүүсүн өчүрдү.

Студенттердин тероризмге каршы акцияга - жүрүшкө катышканын шаардык мэрия ырастады. Мектеп окуучуларын, студенттерди коомдук иш-чараларга мажбурлап катыштыруу дайым сындалып жүрөт. Жагымсыз окуялар улам-улам кайталанып жатканы менен эскиден калган бул көрүнүштү токтотуу мүмкүн болбой жатат. 2015-жылы Ош шаарында ал кездеги премьер Темир Сариевдин келишин күтүүдө окуучу кыздардын бири эс-учун жоготуп кулап түшкөн. Бул окуядан кийин Билим берүү министрлиги "өлкөдө бийлик өкүлдөрүн тосуу үчүн мектеп окуучуларын тартууга тыюу салынсын" деген буйрук да чыгарган. Бирок буйруктун аткарылганы байкала элек. Быйыл сентябрда Ошто вице-премьер Алтынай Өмүрбекова бир иш-чарага 2 саат кечигип барганын, аны тосуп алууга даярдалган окуучулар ысыкта кыйналганын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышкан. Бирок 2 саат кечикти деген маалыматты Өмүрбекова да, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү да четке кагышты. Ал эми чиновникти тосуп алууга мектеп окуучулары тартылганы - факт. Ушул окуядан кийин Өмүрбекова "мындан ары мындай иш-чараларга балдарды тартууга тыюу салабыз" деген. Тыюу салына электигин, эгер салынган болсо, ал аткарылбай жатканын Оштогу бүгүнкү "терроризмге каршыбыз" акциясы ачык көрсөттү. Албетте, терроризмге каршы күрөшүү акциясы да керек. Бирок ал студенттер менен окуучуларды сабактан, мамлекеттик кызматкерлерди иштен алагды кылып, артка тартпашы керек эле. Ал эми өкмөттүн токтомдору, чиновниктердин "экинчи кайталанбайт" деген убадалары ишке ашып кетиши кыйын экени баштан эле белгилүү...

Бишкекте "Акнет" интернет таратуучу компаниясынын директоруна кылмыш иши ачылды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) маалыматына таянсак, ал кызматын кыянат пайдаланып, түшкөн кирешени жашырып ири суммада салык төлөөдөн качкан деп айыпталууда.

Расмий маалыматка таянсак, "Акнет" Кыргыз жеринде 1998-жылдан бери иш жүргүзүп келет. Милдети өлкөдөгү ЖОЖдорду жана илимий институттарды интернет менен камсыздоо эле. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын 90 пайызы ушул компаниянын кызматынан пайдаланат. Компания өлкө казынасына ири суммада салык төлөйт, мисалы, 2017-жылы 133 миллион 400 миӊ сом төлөгөн.

22-ноябрда "Акнеттин" иши үзгүлтүккө учурап, компаниянын расмий сайты муну магистралдык линияда мүчүлүштүктөр болгону менен түшүндүргөн. Ошол эле учурда сыналгы экранынан "Акнетте" рейдерлик басып алуу болгону жөнүндө жазуу чыгып жатты. Анда "урматтуу абоненттер, "Акнет" компаниясын рейдерлик тартып алуу аракетине байланыштуу ишти токтотууга аргасызбыз..." деп жазылган. Финпол бул маалыматты четке какты. Козголгон кылмыш ишинин алкагында компанияда тинтүү иштери жүргөнүн билдирип, рейдерлик басып алуу болду деген маалымат компаниянын коргонуу аракети деп атады. Ал эми "Акнетти" негиздөөчүлөрдүн биримин деген Руслан Абдумажитов компаниянын директору Кубан Ажымудинов "рейдерлик тартып алуу" болууда деп жарандарды атайын адаштырып жатканын айтып чыкты. Ага таянсак, Ажымудинов компанияны өзү каалагандай башкарып, башка негиздөөчүлөрдүн укугун чектеп жатат. "Ошондуктан териштирүү жүргүзүү үчүн тийиштүү органдарга кайрылгам", - дейт Абдумажитов.

Бүгүн "Акнеттин" 100гө жакын кызматкери митингге чыгышты. Алар компаниянын банктык эсептери камакка алынып калганын, анын айынан кызматкерлер маянасыз калышы мүмкүн экенин айтып жатышат.

Өлкөдө рейдерлик тартып алуу аракети деп бааланган окуялар көп. Мисалы, 2014-жылы "Ош тв" телеканалынын мурдагы директору Шайырбек Маматокторов телеканалды мамлекет рейдерлик жол менен тартып алганын айтып чыккан. 2017-жылы депутат Рыскелди Момбеков өкмөт рейдерлик жол менен "Дыйкан" базарын жаап салды деп чыккан. Ушул эле жылы "Ак Кеме" мейманканасынын жетекчиси Руслан Сарымсаков "Мүлк" ишканасы мейманкананы рейдерлик жол менен тартып алганын айтып президентке кайрылган. Экинчи тарап бул доолорго макул эмес, алар баары мыйзам аркылуу жасалды деген жоопту айтышат. Быйыл февралда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө рейдерлик тартып алуулар мамлекеттик деӊгээлге жеткенин билдирген. Ошондуктан рейдерлик тартып алуулар боюнча маалыматтар дайым талкуу жаратат. "Акнеттин" тегерегиндеги окуя да коомчулуктун көзөмөлүндө турат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан