Бир апта ичинде Бишкектин "185" ыкчам чара көрүү кызматына 117 кайрылуу түштү
Бишкек шаардык мэриясынын "185" ыкчам чара көрүү кызматына 7-июлдан 12-июлга чейинки убакытта шаар тургундарынан 117 кайрылуу жана арыз келип түштү. Алардын 52си катталып, 37сине тийиштүү чаралар көрүлдү. Шаар тургундары негизинен электр жарыгы менен камсыз кылуу (16) жана муздак суу менен камсыз кылуу (7) маселелери боюнча кайрылышкан.