Экс-мэр Албек Ибраимовго "коррупция" жана "алдамчылык" боюнча акыркы айып тагылды

Экс-мэр Албек Ибраимов шектелип жаткан кылмыштардын беренелери бириктирилип, ага акыркы айып тагылды. Маалыматты 23-ноябрда SUPER.KG порталына анын жактоочусу Сергей Слесарев тастыктады.

Анын айтымында тергөөчүлөр экс-мэрге "коррупция" жана "алдамчылык" боюнча айып тагышкан. "Албек Ибраимовго "Дастан" заводу боюнча алдамчылык жана жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча коррупция беренеси менен айып тагылды. Жакынкы күндөрү тергөө иши бүтүп, иш менен таанышуу үчүн материалдарды беришсе керек. Баары ушундай уланса иш декабрь айынын экинчи жарымында сотко өтөт", - деди жактоочу.

Окуянын чоо жайы:

28-майда УКМК тарабынан “Дастан” ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган учурдагы сатып алуулар боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. 23-июлда Албек Ибраимовго карата УКМК тарабынан Бишкек шаарындагы жер тилкелерге байланыштуу коррупция боюнча жаңы айып угузулган. Экс-мэр ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан