Эки апта мурун адвокат Нурбек Токтакунов 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле. "Кара кассадагы" маалыматка ылайык, 2010-жылдан тарта КСДПнын саясий технологу болуп келе жаткан Алексей Василивецкийге жалпысынан 12 миллион сомго жакын акча берилген.
Василивецкий өмүрүнөн кооптонуп Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткенин жарыялады. Ал билдирүү жасап, өзү Орусиянын жараны экенин айтып, мындан улам президенттик шайлоодо үгүт иштерине катышпаганын, бирок талапкер Сооронбай Жээнбековго кеңешчи болуп иштегенин билдирди. Буга чейин Алмазбек Атамбаев да "штабдын эсепчиси эмгек өргүүсүнө чыгып, башка өлкөгө кетип калды, азыр өзүнүн өмүрү үчүн кооптонуп жатат" деген эле.
SUPER.KG порталынын "Токтакунов жарыялаган "кара кассанын" дагы бир күбөсү өмүрүнөн кооптонуп өлкөдөн чыгып кетти. Эми "кара кассанын" окуясы кандай өнүгүшү мүмкүн?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жооп берди.
Ал аталган маселенин айланасында саясий күрөш жүрүп жатканын айтты.
“Токтакунов жарыялаган документте кол болсо, чындык деп айтсак болмок. Азыркы учурда мындай документти баары эле жасап алат. Мен да документ менен таанышып чыктым. Андагы иш-чаралар чынында эле болгон. Эсепчинин документинде "акчаны алып кетти" деген жерине кол коюлушу керек болчу. Кол жок болгону үчүн документ да юридикалык күчкө ээ эмес. Менимче, Токтакунов кол коюлган документтерди чыгарышы керек. Ал өзү да юрист, муну түшүнөт. Бул документ жалган болуп чыкса, Токтакунов өзү жазага тартылышы мүмкүн. Документти ага берген киши дагы соттолушу мүмкүн. Маалыматты чыгарганга жараша далилдеп бериши керек. Балким, чын эле мындай маалыматтар бардыр. Ал эми Фарид Ниязовдун документтерди “чындык” дегени башка маселе. Бул жерде саясий күрөш болуп жатат”, - деди Бекешев.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева, коомдук ишмер, юридикалык илимдердин доктору Бекбосун Бөрүбашев, саясат таануучу Игорь Шестаков, журналист Нарын Айып жана жарандык активист Ренат Самудиновдун пикири бул шилтемеде.