Коомдук ишмер Бекбосун Бөрүбашев: "Кара касса" окуясына чекит коюлбаса, коомчулукта өйдө-төмөн суроолор боло берет"

Эки апта мурун адвокат Нурбек Токтакунов 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле. "Кара кассадагы" маалыматка ылайык, 2010-жылдан тарта КСДПнын саясий технологу болуп келе жаткан Алексей Василивецкийге жалпысынан 12 миллион сомго жакын акча берилген.

Василивецкий өмүрүнөн кооптонуп Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткенин жарыялады. Ал билдирүү жасап, өзү Орусиянын жараны экенин айтып, мындан улам президенттик шайлоодо үгүт иштерине катышпаганын, бирок талапкер Сооронбай Жээнбековго кеңешчи болуп иштегенин билдирди. Буга чейин Алмазбек Атамбаев да "штабдын эсепчиси эмгек өргүүсүнө чыгып, башка өлкөгө кетип калды, азыр өзүнүн өмүрү үчүн кооптонуп жатат" деген эле.

SUPER.KG порталынын "Токтакунов жарыялаган "кара кассанын" дагы бир күбөсү өмүрүнөн кооптонуп өлкөдөн чыгып кетти. Эми "кара кассанын" окуясы кандай өнүгүшү мүмкүн?" деген соболуна коомдук ишмер, юридикалык илимдердин доктору Бекбосун Бөрүбашев жооп берди.

Ал укук коргоо органдары “кара кассага” байланыштуу окуяны колго алышы керектигин баса белгиледи.

“Мында мыйзам бузулуп жатпайбы. Кыргызда прокуратура, милиция, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бар. Алар иликтеп, карап чыгышы керек. “Кара кассага” байланыштуу окуяга чекит коюлбаса, коомчулукта өйдө-төмөн суроолор боло берет. Укук коргоо органдарынын “кара кассага” байланыштуу үн катпаганынын эки жагы бар. Объективдүү жагы - укук коргоо органдары маалыматты тактап аныктап жатканда тергөөнүн купуя сырын ачпашы керек. Субъективдүү жагы - эч качан укук коргоо органдары азыркы бийликти чукубайт. Укук коргоо органдарынын тагдыры азыркы бийликти колунда”, - деди Бөрүбашев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, экс-депутат Асия Сасыкбаева, саясат таануучу Игорь Шестаков, журналист Нарын Айып жана жарандык активист Ренат Самудиновдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан