Эки апта мурун адвокат Нурбек Токтакунов 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле. "Кара кассадагы" маалыматка ылайык, 2010-жылдан тарта КСДПнын саясий технологу болуп келе жаткан Алексей Василивецкийге жалпысынан 1 147 238 сом акча берилген.
Василивецкий өмүрүнөн кооптонуп Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткенин жарыялады. Ал билдирүү жасап, өзү Орусиянын жараны экенин айтып, мындан улам президенттик шайлоодо үгүт иштерине катышпаганын, бирок талапкер Сооронбай Жээнбековго кеңешчи болуп иштегенин билдирди. Буга чейин Алмазбек Атамбаев да "штабдын эсепчиси эмгек өргүүсүнө чыгып, башка өлкөгө кетип калды, азыр өзүнүн өмүрү үчүн кооптонуп жатат" деген эле.
SUPER.KG порталынын "Токтакунов жарыялаган "кара кассанын" дагы бир күбөсү өмүрүнөн кооптонуп өлкөдөн чыгып кетти. Эми "кара кассанын" окуясы кандай өнүгүшү мүмкүн?" деген соболуна журналист Нарын Айып жооп берди.
Ал Нурбек Токтакунов чыгарган маалыматты көп адам тастыктаса гана таасири жогорулайт деген пикирде.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, экс-депутат Асия Сасыкбаева, коомдук ишмер, юридикалык илимдердин доктору Бекбосун Бөрүбашев, саясат таануучу Игорь Шестаков жана жарандык активист Ренат Самудиновдун пикири бул шилтемеде.