Эки апта мурун адвокат Нурбек Токтакунов 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле. "Кара кассадагы" маалыматка ылайык, 2010-жылдан тарта КСДПнын саясий технологу болуп келе жаткан Алексей Василивецкийге жалпысынан 12 миллион сомго жакын акча берилген.
Василивецкий өмүрүнөн кооптонуп Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткенин жарыялады. Ал билдирүү жасап, өзү Орусиянын жараны экенин айтып, мындан улам президенттик шайлоодо үгүт иштерине катышпаганын, бирок талапкер Сооронбай Жээнбековго кеңешчи болуп иштегенин билдирди. Буга чейин Алмазбек Атамбаев да "штабдын эсепчиси эмгек өргүүсүнө чыгып, башка өлкөгө кетип калды, азыр өзүнүн өмүрү үчүн кооптонуп жатат" деген эле.
SUPER.KG порталынын "Токтакунов жарыялаган "кара кассанын" дагы бир күбөсү өмүрүнөн кооптонуп өлкөдөн чыгып кетти. Эми "кара кассанын" окуясы кандай өнүгүшү мүмкүн?" деген соболуна жарандык активист Ренат Самудинов жооп берди.
Анын ою боюнча, бийлик КСДПны жок кылуу ниетинде.
“Кара кассанын" өнүгүшү 2 субъектиден көз каранды. Биринчиси, Атамбаев баш болгон КСДП тарап, экинчиси, Жээнбеков же бийлик. КСДП тарап Василивецкий менен спектакль коюп жатат. Алардын максаты - кандай жол менен болбосун бийликке көө сүйкөп, жамандоо. “Кара кассанын” бар болушу - Алмазбек Атамбаев баш болуп Фарид Ниязов жетектеген штабдын эң негизги күнөөсү. Жээнбеков же бийлик тарап бул тизмеге көп реакция кылбайт болуш керек. Бирок булар “КСДП Атамбаевсиз” деген демилгени аягына чейин ишке ашырып, КСДПны Атамбаевден тартып алып, партияны жок кылат болуш керек. КСДПны кийинки шайлоого аралашпагыдай кылып коюшат. Бул жерде негизинен эч кандай реформа болбой, конструктивдүү сунуштар чечилбей мамлекет уттуруп жатат. Кара пиар, интриганын үстүндө иш алып барышууда”, - деди Самудинов.
Жогорку Кеңештин депутаты
Дастан Бекешев, экс-депутаты
Асия Сасыкбаева, коомдук ишмер, юридикалык илимдердин доктору
Бекбосун Бөрүбашев, саясат таануучу
Игорь Шестаков, журналист
Нарын Айыптын пикири
бул шилтемеде.