Депутаттар социалдык өнүктүрүү министрин жардамга муктаж болгон адамдарга курулай убада берүүдөн алыс болууга чакырды

Ноябрь айынын башында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөн кабар алып жаткандагы сүрөтү интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууланган.

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Иса Өмүркулов министр Улукбек Кочкоровдон "Сиз сүрөткө түшкөн үй-бүлөнүн жашоо-шарты бир жылдан кийин оңолобу?" деп сурады.

Улукбек Кочкоров оңолбой турганын айтты.

Иса Өмүркулов мындай пиар кылган туура эмесс экенин билдирди.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов: "Сиз сүрөткө түшкөн үй-бүлөнүн жашоо-турмушу бир жылдан кийин ошол бойдон турган болот. Муктаж адамдарга курулай убада берүүдөн алыс болсок. Эртең сураса эмне дейбиз?" - деп министрге кайрылды.

Учурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйыны уланууда. Анда "Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясын ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан