Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги абанын булгануусунан автоунааларды электромобилдерге өткөрүү керектигин айтты. Ал аба унаалардын көптүгү жана шаар тургундарынын көмүр жакканынан булганып жатканын билдирди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Абанын булгануусун азайтуу үчүн электромобилдерге өтүү чарасы канчалык реалдуу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов жооп берди.
Анын пикиринде, акырындык менен автоунааларды электромобилдерге өткөрүү керек.
“Экологиянын булгануусу автоунаанын көптүгүнөн болуп жатат. Абага зыян келтирбөө үчүн автоунааларды электромобилдерге акырындык менен өткөрүү зарыл. Бул жакшы сунуш, мындай унаалардын экологияга зыяны жок. Пайда жагы көп эле. Азыр электр кыймылдаткычы менен жүргөн унаалар бар, бирок аз. Ошону менен катар эле Бишкек шаарына абанын булгануусун азайтуу үчүн бактарды көп отургузуш керек”, - дейт Жамалдинов.
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Лев Васильев, Канатбек Мүзүралиев, "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Булекбаев, укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Калича Өмүралиева, экологдор Эмил Шүкүров жана Бактыгүл Стакееванын жообу бул шилтемеде.