Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги абанын булгануусунан автоунааларды электромобилдерге өткөрүү керектигин айтты. Ал аба унаалардын көптүгү жана шаар тургундарынын көмүр жакканынан булганып жатканын билдирди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Абанын булгануусун азайтуу үчүн электромобилдерге өтүү чарасы канчалык реалдуу?" деген соболуна эколог Бактыгүл Стакеева жооп берди.
Ал электромобилге өтүүдөн мурун жакында ишке аша турган долбоорлорду карап чыккан туура деген пикирин айтты.
“Бизде электромобиль үчүн инфраструктура жок да. Мындай транспортко өтүү чоң маселе. Изилдөө жүргөн электромобилдердин потенциалын текшерүү боюнча, ар бир адамга электромобиль сатып ал деп мажбурлай албайбыз. Электромобилдердин кыймылдаткычынын түзүлүшү башкача, ал өзгөчө утилизацияны талап кылат. Муну деле көпчүлүгү айта элек. Айлана чөйрөнү коргоо агенттиги өлкөдө электромобиль чыгаруу сунуштаганын уккам, бирок бул көп убакытты ала турган долбоор. Абанын булганышы, ыш азыркы тапта тез арада чечүүнү талап кылган көйгөй болуп жатат. Жыл сайын күзүндө да, кышында да ушул көйгөй жаралат. Биздин климат мындай ысык болуп бара жатканда нымдуулукту жаратуу аракетин көрүшүбүз керек. Бул үчүн дарактарды көбүрөөк отургузуу зарыл. Бул нерсе эмнеге көтөрүлбөй жатканын түшүнбөйм. Менимче, бир нече электромобиль алып келинген. Аны үйдөн кубаттаса болот. Ал эми массалык түрдө колдонуу башталганда көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар эмне кылат? Бул нерсе өнүккөн, бай өлкөлөр үчүн да кымбат болуп калат”, - деди эколог.
Жогорку Кеңештин депутаттары Зиядин Жамалдинов, Абдывахап Нурбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Лев Васильев, Канатбек Мүзүралиев, "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Булекбаев, укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Калича Өмүралиева, эколог Эмил Шүкүровдун жообу бул шилтемеде.