Бүгүн, 10-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга сереп салабыз.
Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев 9-декабрда УКМК тарабынан кармалып, 2 айга камакка алынды. Зилалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренесинин 1-бөлүгү - мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иши ачылды. Күнөөсү далилденсе экс-чиновниктин үй-мүлкү конфискацияланып, өзү 6 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. УКМК тараткан маалыматка таянсак, Дүйшөнбек Зилалиев 2011-2016-жылдары мамлекеттик кызматта туруп 2 миллион 541 миӊ 527 сом, жубайы 408 миӊ сом киреше тапканын көрсөткөн. Бирок тергөөдө Зилалиевдин банктардын бирине сактап жүргөн 889 миӊ 900 доллары табылды. Ошондой эле Зилалиевдин декларацияда көрсөтпөй жакындарына каттатып койгон батир, үй жана жер тилкелери бар экени айтылат.
УКМК Зилалиевдин үйүн тинтүү учуру тартылган видеону таратты. Тинтүүдө белгилүү фирмалардын кымбат баалуу сааттары, баалуу буюмдар, 2 миллион 900 миӊ сом жана 100 миӊ доллар табылды. Маалыматка таянсак, экс-чиновник Бишкектин четиндеги "Ордо" VIP-шаарчасында баасы 400 миӊ доллар турган үйгө ээлик кылат. Ал үйдө учурда оӊдоо иштери жүрүп жатканы, бүгүнкү күнгө карата ага 90 миӊ доллар жумшалганы айтылат маалыматта. Ошондой эле Зилалиев Бишкекте көп кабаттуу үйдөн батирге, кеӊселерге, кен тармагында бир топ лицензияларга ээлик кылары айтылды.
Дүйшөнбек Зилалиев – 2013-жылдан 2017-жылга чейин өлкөнүн бүт кен тармагын тескеп турган чиновник. Ал 2013-2017-жылдары мамлекеттик Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси болуп турган. Өкмөттүн өкүлү катары "Кумтөрдө" мөӊгүнү талкалап алтын казууга уруксат берүүнү жактагандардын башында тургандардын бири. Ал үчүн Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча Жогорку Кеӊешке 2 жолу сунуштап, 2-жолкусунда депутаттар колдоп беришкен. "Мөӊгүнү бузбай алтын казуу "Центеррага" пайдасыз. Алар 1 сом табыш үчүн 2 сом чыгым кылышпайт" деп канадалык фирманы жактаганы үчүн депутаттардан катуу жеме уккан. Азыркы тапта "Кумтөр" кенинде Давыдов жана Лысый мөӊгүлөрүн бузуп алтын казууга уруксат бар. Зилалиев 2017-жылы вице-премьер кезинде президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго ачык үгүт жүргүзгөнү үчүн катуу сынга кабылган. 2017-жылы сентябрда Баткен облусунун активи менен жолугушууда ал: "Президенттин саясатын улантуучу - Сооронбай Шарипович. Бюджеттен айлык алып жатасыӊар, суу ичкен кудугуӊарга түкүрбөгүлө", - деген. Талапкерлердин бирине ачык үгүт жүргүзгөнү үчүн ал кызматтан алынышы керек эле. Ал кездеги премьер Сапар Исаков адегенде Зилалиевди шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчылыгынан бошотуп, сөгүш жарыялоо менен чектелген.
Бул чиновник жакында 3 жылга шарттуу соттолгон. 2017-жылы Бишкекте президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү Зилалиев жол күзөтүп турган ИИМ Академиясынын курсантына президенттик кортеж өтүүчү жолго бомба коюлган деп айтканы ЖМКларга жарыяланган. Ага карата "терракт тууралуу атайылап жалган билдирүү жасоо" боюнча иш козголуп, Зилалиев октябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен жакында шарттуу түрдө 3 жылга соттолду.
Мамлекеттик кызматкердин үй-мүлкүн декларациялоо - коррупциянын алдын алуу аракети. Декларацияны туура эмес толтурган же толук толтурбай койгон адамга жаза каралганы менен соӊку 7 жылда андай факт менен кылмыш жазасына тартылган чиновник болгон жок. Мисалы, 2017-жылдын декларациясын карасак депутаттар менен чиновниктердин көбү үйү, автоунаасы жок жакырлар. Иш жүзүндө алар хан сарайларда жашап, кымбат автоунааларда жүрүшкөнү сыр эмес. Коопсуздук кеӊешинин катчысы Дамир Сагынбаев декларациядагы маалыматына реалдуулугу дал келбеген 50дөн ашык чиновник бар экенин билдирип, бирок аттарын атаган эмес. Алардын бири Зилалиев болсо, калгандарына да кезек жетеби?..
Арменияда кезексиз парламенттик шайлоо өттү. Алдын ала жыйынтыкка таянсак, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашинян жетектеген "Менин кадамым" саясий альянсы 70,43 пайыз добуш алып алдыга чыкты. Ошондой эле "Өнүккөн Армения" (8,27 пайыз) жана "Жаркын Армения" (6,37 пайыз) партиялары жеӊишке жетти. Бийликтен куулган мурдагы президент Серж Саргсяндын "Республикалык партиясы" 5 пайыздык чекке жетпей, парламентке өтпөй калды. Армения эли ошентип “коррупциялашып кетти” деп күнөөлөгөн Саргсянды бийликтен биротоло кетирди.
Армения 2015-жылы референдум аркылуу президенттик башкаруудан парламенттик башкаруу формасына өткөн. Ал өзгөрүүгө ылайык, быйыл мартта Армения парламенти өлкө президентин шайлаган. Апрелде экс-президент Серж Саргсян премьерликке шайланышы өлкөдө массалык нааразычылык жаратып, парламентте аз гана мандаты бар оппозиционер Никол Пашинян башында турган демонстранттар жеӊишке жеткен. Саргсян өкмөт башчылыктан кетип, ордуна Пашинян шайланган. Эми Никол Пашиняндын альянсы көпчүлүктү түзгөн парламент өлкөнүн премьер-министрин жана президентин шайлайт. Арменияны алдыда жаӊы доор күтүп турат.
Мындай мүмкүнчүлүк 8 жыл мурун Кыргыз элинде да болгон. 2010-жылы элдик нааразычылык толкундарын уюштуруп, Бакиевдин бийлигин кулаткан "Ата Мекен" менен КСДП революциядан кийин бир альянска биригип, парламенттик шайлоодо толук жеӊишти камсыздай алышкан жок. Бакиевдик бийликтин кадрлары өзөгүн түзгөн "Ата Журт" партиясы биринчи орунду алып парламентке келди. КСДП экинчи орунду, "Ата Мекен" 5 пайыздык чектен араң өткөн. Эгер 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” менен КСДП биригип, жеңишке жетишсе, балким, бүгүн Кыргыз өлкөсү башка абалда болмок. Революционерлер Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев кыргыз элине жаңы Кыргыз өлкөсүн тартуулай алышкан жок, тарыхый абалды өткөрүп жиберишти...
Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинде мектепте колдонулуп жаткан окуу китептеринин сапаты талкууланды. Кыргыз улуттук университетинин деканы Ырыскүл Токторова 6-класстын география китебинде одоно каталар кеткенин айтат. "Бул боюнча 2 жылдан бери айтып келебиз, эч кандай чечим кабыл алынган эмес. Терминдер туура эмес которулган. Мектеп окуучуларына туура эмес билим берген болбойт", - деди ал. 2 жылдан бери өлкөдө жүз миңдеген мектеп окуучусу туура эмес берилген маалыматтын негизинде билим алып, кийинки класстарга өткөнү министрликке анчалык маанилүү эмес көрүнөт. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева министрликте коллегиялык жыйын өтөт, ушул мүчүлүштүк боюнча чечим кабыл алынат деп эми билдирди.
Буга чейин адистер Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Индияда басылган 5-6-класстын китептеринде ката кетип, аны оӊдоого туура келгенин айтып чыгышкан. Мектептерге китеп жетишпей жатат. Министрлик жаӊы китептерди даярдоо үчүн мектептерде окуу китептерин окуучуларга ижарага берүүнү сунуштап жатат. Кудайбердиева быйылкы окуу жылында Жайыл районундагы 40 мектепте китептер ижарага берилерин, анын жыйынтыгы менен кийинки жылы ижарага берүү же бербөө маселеси чечилерин айткан эле. "20 сом - бул өтө деле соӊ сумма эмес" дейт министр. 1 китеп үчүн 20 сом министр айымга анча чоң эмес сумма көрүнүшү мүмкүн, бирок бир нече окуучу баласы бар жакыр үй-бүлөлөр балдарын жетиштүү китептер менен камсыз кылуу баш ооруга айланары анык. Китептердин ижарасы үчүн чогултулган акча өз максатында жумшалабы же кумга сиңгендей эффекти жок болуп кетеби, белгисиз...