Арменияда парламенттик шайлоодо Никол Пашиняндын саясий альянсы алдыга чыкты

Арменияда парламенттик шайлоодо Никол Пашиняндын блогу 70 пайыздан ашык добуш чогултту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Белгилүү болгондой, өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян жетектеген "Менин кадамым" саясий блогу 70,43 пайыз добуш чогултуп алдыга чыкты. Ошондой эле парламентке 8,27 пайыз добуш топтоп "Өнүккөн Армения" жана 6,37 пайыз добушка ээ болгон "Жаркын Армения" партиялары өттү.

Мурдагы президент Серж Саргсян жетектеген Республикалык партия 4,70 пайыз добуш топтоп парламентке өтпөй калды.

Маалым болгондой, Армениянын тарыхындагы биринчи жолку кезексиз парламенттик шайлоого 2 блок жана 9 саясий партия катышты. Мыйзамга ылайык, парламентке өтүү үчүн партиялар 5, саясий блоктор 7 пайыздык чектен ашуусу керек.

"Менин кадамым" блогу - бир нече партиялардын биригүүсүнөн куралган саясий альянс.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан