Саясат таануучу Даниел Кадырбеков: "Колунда бар мүмкүнчүлүктөрдү аткарбай туруп, жаңы милдеттерди ала берсе бийликке элдин ишеничи кетет"

1-январдан тартып Административдик кодекске 2017-жылы киргизилген өзгөрүүлөр күчүнө кирди. Ага ылайык, жол эрежелерин бузгандар, коомдук жайлардагы эреже бузуулар үчүн төлөнүүчү айып пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Эреже бузуулардын катарындагы түкүрүү үчүн 5500 сом айып салынышы эл арасында какшык аралаш нааразычылык жаратты.

Мас абалында унаа башкаргандарга 17 500 сом, 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочуларга 7500 сом, мас абалындагы адамга унаасын бергендерге 15 000 сом. Жол эрежелерин бузгандар үчүн айып пулдардын көп болушу коррупцияга жол ачат дегендер жок эмес.

Мыйзам ишке киргени менен, анын иштөө механизми түшүндүрүлгөн жок жана бул жаатта иш системдик түрдө аткарылабы же жокпу белгисиз. Өлкөдө элдин өзүн алып жүрүүсүн көзөмөлдөөдөн мурун коррупция, балдарга карата зомбулук өңдүү орчундуу көйгөйлөр бар экени белгилүү.

Коомчулукта орун алган талкууларга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийлик коррупцияны жоюу боюнча комплекстүү иштерди аткарбастан эле айып пулдарды өстүрүп салды. Мындай кадамдар элдин нааразычылык толкунун жаратышы мүмкүнбү?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков жооп берди.

Ал бийлик алгач моюнуна жүктөлгөн кызматтарды аткарып алышы керек эле дейт.
“Күчтүү мамлекеттик машина, күчсүз мамлекеттик машина деген түшүнүк бар. Эгер күчсүз мамлекеттик машина болсо коопсуздук, медицина, билим берүү сыяктуу кызматтарды сапаттуу жеткире албай туруп, жаңы ыйгарым укуктарды өзүнө жүктөй берет. Бул менен ал аброюн, имиджин түшүрөт (дискредитацияланат). Колунда бар мүмкүнчүлүктөрдү аткарбай туруп, жаңы милдеттерди ала берсе бийликке элдин ишеничи кетет. Шаарда канча адам түкүргөнүн кантип тескейсиң? Ар бир адамдын артынан бирден милиция кызматкерин ээрчитип жүрүш керекпи же? Мындай айып пулду эртерээк киргизип койду деген ойдомун. Буга чейин базалык кызматтарды аткарып бүтүшү керек эле”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева, укук коргоочулар Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, жарандык активист Адил Турдукулов, "Реформа жана жыйынтык үчүн" жарандык бирикмесинин координатору Тимур Шайхутдиновдун жообу бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан