ЖЫЛНААМА, 9-ЯНВАРЬ: Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров 49 жашка чыкты

Абжапаров Теңизбек Жусупбекович 1970-жылдын 9-январында Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин "Бухгалтердик эсеп, көзөмөл жана чарбалык ишмердүүлүккө анализ" адистигин аяктаган.

Ишмердүүлүгү:

1995-2002-жылдары Финансы министрлигинде башкы адис кызматынан бөлүм башчылыкка чейин жеткен;

2002-2009-жылдары Социалдык фонддун бир нече кызматында эмгектенген;

2009-2013-жылдары социалдык фонддун төрагасынын орун басары;

2013-2016-жылдары аталган фонддун төрагасынын биринчи орун басары;

2016-2018-жылдары социалдык фонддун төрагасы;

2018-жылдын май айынан тарта мамлекеттик салык кызматынын башчысы катары иштеп келүүдө.

9-январдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан