Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев: "Парламент президенттик институт кабыл алган чечимди “макул” деп добуш бере турган органга айланып калган"

Былтыр 25-декабрда Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүн жиберген. Бул кайрылуу өтүнүчүн Жогорку Кеңештин 6 фракциясы тең колдогон.

Бүгүн, 9-январда "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев ооруканадан абакка которулду. Президент Жогорку Кеңештеги фракция лидерлеринин Текебаев боюнча өтүнүчүнө жооп бербеди. SUPER.KG порталынын "Бул Жогорку Кеңештин өлкөдө чечүүчү күч эместигинин, бийликтин парламент менен эсептешпей калганынын белгисиби?" деген соболуна саясат таануучу Сейтек Качкынбаев жооп берди.

Ал бийлик парламентти керек учурда гана колдонуп калганын билдирди.

"Биздин парламент алсыз. Анткени башынан эле Кыргыз мамлекетиндеги бийликте президент күчтүү. Президенттик институт парламент качан керек болгон учурда гана пайдаланат. Тилекке каршы, учурда биздин парламент чет мамлекеттердин парламентиндей күчкө ээ эмес. Анткени Жогорку Кеңеш президенттик институт кабыл алган чечимди гана “макул” деп добуш бере турган органга айланып калгандай. Ал эми Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу тууралуу Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Аны 6 фракция колдоду. Муну Жээнбеков президентке карата басым болду дегендей түшүндү окшойт. Мындай нерсе президентке да жаккан жок болушу керек. Булардын басымы менен Текебаевди бошотпойм, мен өзүм эле бошотмокмун дегендей кылды", - деди Качкынбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Исхак Масалиев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, саясат таануучулар Марс Сариев, юрист Нурбек Токтакунов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан