КҮНСЕРЕП: Түкүрүк айып пулуна нааразы элге эми жол киренин кымбатташы дүрбөлөң салабы?

Бүгүн, 11-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Ички иштер министрлиги 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбековдун көмүскө кассасы деп жарыяланган файл боюнча иликтөө жүргүзүлгөнүн жарыялады. ИИМдин президенттикке талапкердин шайлоо штабынын жетекчилери, шаардык, облустук жана райондук шайлоо комиссияларынын төрагалары, кызматкерлери суралды дейт. Бирок ак же көк деген жыйынтык жок. ИИМ "президенттикке талапкер Жээнбековдун каржы иштери боюнча атайын өкүлү Надира Сатыгул кызы чет өлкөгө чыгып кеткен, келсе түшүндүрмө алуу үчүн ИИМдин тергөө кызматына чакырылат, анан акыркы чечим кабыл алынат" дейт.

ИИМден келген маалымат жарыяланган соң КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева "Надира Сатыгул кызы "кара касса" боюнча маалыматты ырастады" деп билдирди. Былтыр юрист Нурбек Токтакунов президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоодо расмий көрсөтүлгөн суммадан 10 эсе көп акча коротконун айтып, файл жарыялаган. Ал тизмеде ким канча акча алып, кайда жумшаганы жазылган. Ал файлдар боюнча караганда талапкер Жээнбеков шайлоодо БШКга расмий көрсөтүлгөндөй 150 миллион сом эмес, 1 миллиард 170 миӊ сом жана 6 миллион 855 миӊ доллар, жалпысы 24 миллион долларга жакын короткону айтылат. Президенттик аппарат, президент Жээнбеков өзү маалыматты жалган деп атап, бул жөнүндө сөз кылуудан баш тартып келишет. Ал эми талапкер Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов, ал штабда иштеген Кундуз Жолдубаева, кийинчерээк телеканалдардын бирине берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев да жарыяланган файлдагы маалыматтар реалдуу дешкен. Надира Сатыгул кызы шектүү документ ачыкка чыгып кеткенден кийин өлкөдөн чыгып кеткени маалым болгон. Атамбаевдин айтымында, анын өмүрүнө коркунуч жаралууда. Кыргыз эли бул маалыматтын адилеттүү иликтенип, чындыктын ачыкка чыгышын күтүүдө.

Саясатчы Адахан Мадумаров шайлоодо мыйзам бузуу менен жеӊген адам бийликте турганда адилеттик орношу мүмкүн эместигин айтып келет. Бул окуяны иликтөө үчүн көз карандысыз, улуттук комиссия түзүү сунушу айтылып, бирок бийликтен колдоо тапкан жок. Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер кылып чыгарган партиянын төрагасы, Жээнбековдун штаб жетекчиси, анын шайлоодогу башкы финансисти "кара кассаны" реалдуу деп жатканына карабай бул маселеге президент Жээнбековдун азыркы командасы үстүртөн мамиле жасоого аракет кылууда. Президенттин колундагы УКМК менен Башкы прокуратура, президенттин сунушу менен өкмөт башчылыгына шайланган Мухаммедкалый Абылгазиевдин жетегиндеги ИИМ бийликке каршы чечим чыгарышы мүмкүнбү? Эгемендүү Кыргыз тарыхында эч качан бийлик өзүнүн айыбын ачкан күн болгон эмес. Андыктан ИИМдин текшерүү жыйынтыгы эмне менен бүтөрүн коом деле жакшы түшүнүп турат...

Элди кымбатчылыкка түртүү көчү уланууда. Бишкекте кичи автобустарда жол акысын 2 сомго көтөрүү сунушталып жатат. Ага ылайык, эми кичи автобустарда жүрүү акысы 12 сом, кечки саат 9дан кийин 14 сом болушу күтүлөт.

Жол кирени көтөрүү талабы жүргүнчүлөрдү ташуучу компаниялар тарабынан көптөн бери сунушталып, бирок коомдогу нааразычылыктан улам Бишкек бийлиги бул кадамга бара албай жаткан. Мисалы, былтыр жазында Бишкекте кичи автобустардын айдоочулары бир топ талаптарды коюп, иш таштоо уюштурушкан. Камсыздандыруу полиси жок кичи автобустардын айдоочуларына айып салбоо, жолдун экинчи тилкесинен бурулуусуна уруксат берүү, жол кирени көтөрүү өӊдүү талаптар эле. Бирок талаптар аткарылган эмес, мэрия бул дароо чечиле турган маселе эмес экенин айтып, эртеси айдоочулар кайрадан ишке чыккан. Жол кире көтөрүлгөн соӊ маршруттук унаалардын техникалык абалы жакшырып, айдоочулардын жеке маданияты да өсөбү? Жолдо бири-бири менен жарыша айдап, жүргүнчүнүн коопсуздугун ойлобогон айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү да учурдун талабы. Борбор шаардан кичи автобустарды жоготуп, ордуна газ менен жүрүүчү заманбап автобустар, троллейбустар ишке кирерин айтып келген Бишкек бийлиги тескерисинче маршруттук унаалардын айдоочуларынын айтканына көнүп берүүдө. Ансыз да жол эрежесин бузуулар, түкүрүккө салынган айыптардын суммасын акылга сыйдыра албай турганда элдин чөнтөгүнө күч келчү дагы бир демилге ишке ашканы турат. Шаардык бийликке жалаӊ бизнесмендерди шайлоонун арты кандай болорун эл эмки шайлоодо ойлонууга тийиш...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан