super.kg logo

Мэрия: "Маршруттук унаалардын айдоочуларынын талаптары аткарылбайт"

 

Маршруттук такси айдоочулардын жана эл ташуучу фирма-ишканалардын коюп жаткан талаптары аткарылбайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 1-апрелде өкмөттүн 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган токтому күчүнө кирген. Токтомго ылайык, кооптуу жүк ташыгандар, жүргүнчү ташыгандар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек, албаса 500 сом айып пул салынат же унаалары айып аянтчасына токтотулат. Жүргүнчү ташыган айдоочулар, таксисттер унаасындагы ар бир орунду камсыздандырууга тийиш.

"Шаар ичинде эл ташыгандар камсыздандыруу үчүн жылына ар бир орунга 136 сом 6 тыйын, айыл-шаарлар аралык, эл аралык каттамга чыккандар ар бир орунга 204 сомдон төлөй турганы мыйзамда көрсөтүлгөн. Бул аткарылууга тийиш", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, учурда Бишкекте 120 каттам боюнча эл ташыган 40 фирма катталган.

"Күн сайын каттамга 2700дөн ашуун маршруттук такси чыгат. Булардын ичинен көпчүлүгү камсыздандырылган эмес. Бишкек мэриясы эл ташуучу ишканалардын айдоочуларына 26-31-март күндөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүнө карабай, 2-апрелде таңдан тартып алдын-ала маалымдоосуз маршруттук такси айдоочулар иш ташташты. Өткөн жыл ичинде Бишкекте маршруттук унаалар катышкан 252 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен эки киши көз жумуп, 408 адам түрдүү жаракат алган. 2016-жылы 136 жол кырсыгы катталып, сегиз киши каза болуп, 211 адам жаракат алган", - делет мэриянын маалыматында.

Буга чейин маршруттук таксилердин айдоочуларынын талаптары жазылган. Алар укуктары корголбогондугун, көп тараптан кысымдар болуп жаткандыгын айтышкан. Ал эми шаар тургундары күтүүсүз жаралган бул кырдаалга нааразы болушууда.


кошулду


Бишкектин маршруттук таксилерсиз көрүнүшү (бийиктиктен)

Автор: Мундуз Нурланбек уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу

Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары иш ташташты

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
 Тектеш кабарлар 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
Super TV
02.04.2018. 13:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
02-06-2013
Соӊку аракети:
29-08-2018 11:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+17
Ушул маршуртка журбой калса деле жакшы болмок. Автобус и троллейбус журсо ордуна жакшы болмок.
02.04.2018. 13:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
320
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 00:55
Жынысы:
Белгисиз
+11
Булар ото наглый айдашат, жолдун ортосуна туруп алып акча эсептеп кыбырап кете беришет. Арттагылар жыйырма машине токтоп турганы менен иши жок. Анысы мейли эки маршрутка жолдун ортосуна туруп алып ден соолук сурашып учурашат. Сигнал берип карасан кайра сени согот. Двойной сплошнойду эми айтпай эле койоюн. Каршы тилке менен нагло келе беришет. Кайра мени коркутуп согушот. Тушуп туруп тайнесин таанытайын дейсин,кайра кой дейсин
02.04.2018. 13:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
17-12-2017
Соӊку аракети:
02-08-2018 12:02
Жынысы:
Белгисиз
+7
Байкуш калвйык калкка еле жаман болду
02.04.2018. 13:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
07-10-2015
Соӊку аракети:
20-09-2018 23:02
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мэрия бир чарасын корбойбу таксилер асмандын баасын койуп алышыптыр. Карапайым калкка эле кыйын.
02.04.2018. 13:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
414
Катталган:
20-04-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 08:51
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тим койгула ачка калганда өздөрү чыгат баарын алып барып камап салса копкондорду
02.04.2018. 13:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
02-07-2015
Соӊку аракети:
15-09-2018 23:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракол
+9
Туура маршрутканы жойуш керек.
ордуна троллейбус,автобус журсо жакшы болмок каражат бюджетке тушмок.
маршрутка айдагандар да кийинки убакта наглый болуп калды ошолордун айынан пробка
02.04.2018. 14:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
414
Катталган:
20-04-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 08:51
Жынысы:
Белгисиз
+4
Талаптары аткарылбасын кетсе кете беришсин башка иштей турган адамдар толтура
02.04.2018. 14:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 09:02
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чондорун камап тырыштырып койсо эле калгандары баары эсине келип ишке чыгышат эле
02.04.2018. 14:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
25-06-2014
Соӊку аракети:
15-08-2018 22:06
Жынысы:
Белгисиз
+9
Туугандар акырындык менен велосипед же скутерге отпойлубу.
02.04.2018. 17:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
06-02-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 16:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
ooki8888, Эн туура ой
02.04.2018. 14:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
12-10-2015
Соӊку аракети:
02-11-2017 23:03
Жынысы:
Белгисиз
+2
Этерээк чечсенер, жумушка келип- кете албай кыйналдык.
02.04.2018. 16:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
29-07-2015
Соӊку аракети:
15-08-2018 19:21
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мэрия кайра маршруткалар учун катуурак талап койсо экен. Только аялдамаларда токтоп, отургучтар толгончо эле жургунчу салып,эски эси кеткен ичи сасык маршруткалар ишке чыкбасын талап кылышса мышык эле болушмак. 15сомго чыгарабыз дешип оолуккан айдоочуларга бул да кем.
03.04.2018. 08:25 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
0
Мэрия кайра маршруткаларга талаптарды кучотушу керек... Камсыздандыруу жылына 3000 сомго жетпеген сумма экен, ошого тополон кылгандан уялышпайбы?!!

Мэрия алардын талаптарына конбостон, кайра талаптарды катаалдатыш керек....
03.04.2018. 13:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
18-04-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 08:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Автобустарды алвп келип жумуш ордуларын тузуп бериш кк
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114449;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: