Депутат Дастан Бекешев: “Өкмөт кодекстер социалдык түйүндөрдө талкуу болгондо гана маани берди”

2017-жылга чейин кабыл алынган жаңы кодекстер ушул жылдын башынан тарта күчүнө кирди. Бирок бул нормалар коомчулуктун сынына кабылууда. Коомдук жайда түкүргөндөрдү 5500 сомго айыпка жыгуу талабы жарандарды кыжырлантып, өкмөттүн дарегине нааразычылыктарды туудурду. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "түкүрүк мыйзамын" кайра карап чыгыш керек десе, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков "туура эмес норма кирип калыптыр" деп, айып пулду 5500 сомдон 1000 сомго түшүрүү каралып жатканын айтты.

SUPER.KG порталынын "Өкмөт "туура эмес норма экен" деп түкүрүккө салынчу айып пулду 5 эсе азайтууну чечти. Бул абылгазиевдик өкмөттүн жыл башынан күчүнө кирери белгилүү болгон кодекстер менен таанышып чыкпаганынан кабар береби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жооп берди.

Эл өкүлү билдиргендей, ар бир саясий кызматта иштеген адам жаңы кодекстер, мыйзамдар күчүнө кире электе окуп койсо туура болот.

“Өкмөттүн бул кодекс тууралуу кабары болгонун же болбогонун билбейт экенмин. Негизи ар бир саясий кызматта иштеген адам жаңы кодекстер, мыйзамдар күчүнө кире электе окуп койсо туура болот. Мүмкүн, өкмөттөгүлөр кодекстер тууралуу окуган чыгар, бирок алар социалдык түйүндөрдө талкуу болгондо гана маани беришти. Кодекстерди окуп жатканда көп көңүл бурушкан эмес. Түкүрүккө салына турган айып пулдун көлөмүн азайткандан көйгөй чечилбейт. Маданияттуу кишиге түкүрүк үчүн канча айып пул салына турганы баары бир. Анткени алар түкүрүшпөйт. Маданиятсыз түкүргөнгө көнгөн кишилер, албетте, нааразы болот. Айып пулдун көлөмү 1000 сом болсо деле нааразы боло берет. Анда биз ушундай адамдардын пикирлерин угуп жүрө берели. Эртең жол коопсуздугу боюнча айып пулдун көлөмү тууралуу дагы айтышат. Түкүрүккө айып пул салуу боюнча идеяны бергем, бирок мындай айып пул болсун деп сунуштаган эмесмин. Айып пулдун көлөмүн анализдеп чыгыш керек болчу”, - дейт Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов, экс-депутат Камчыбек Ташиев, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, юрист Канатбек Азиз, Ак Үйдүн алдына барып түкүргөн Рамис Закирияевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан