Депутат Зиядин Жамалдинов: "Өкмөт жаңы кодекстер күчүнө киргенге чейин түшүндүрүү иштери жүргөндө мындай абал болмок эмес"

2017-жылга чейин кабыл алынган жаңы кодекстер ушул жылдын башынан тарта күчүнө кирди. Бирок бул нормалар коомчулуктун сынына кабылууда. Коомдук жайда түкүргөндөрдү 5500 сомго айыпка жыгуу талабы жарандарды кыжырлантып, өкмөттүн дарегине нааразычылыктарды туудурду. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "түкүрүк мыйзамын" кайра карап чыгыш керек десе, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков "туура эмес норма кирип калыптыр" деп айып пулду 5500 сомдон 1000 сомго түшүрүү каралып жатканын айтты.

SUPER.KG порталынын "Өкмөт "туура эмес норма экен" деп түкүрүккө салынчу айып пулду 5 эсе азайтууну чечти. Бул абылгазиевдик өкмөттүн жыл башынан күчүнө кирери белгилүү болгон кодекстер менен таанышып чыкпаганынан кабар береби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов жооп берди.

Ал өкмөт жаңы кодекстер боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек болчу деген пикирин айтты.

“5 кодекс, 2 мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тарта иштеши керек эле. Мыйзам күчүнө кирер алдында 6 ай же бир жыл мурун тааныштыруу иштерин жүргүзүш шарт болчу. Өкмөт тарабынан андай иштер жүргүзүлгөн жок. Түкүрүккө айып пул салынганы туура эле. Түкүрбө деген - тазалыкты сакта деген нерсе. 5500 сом салынганы түкүрбөсүн, таштанды таштабасын дегени да. Ушунун баары элге түшүндүрүлүшү зарыл болчу. Айрымдар айып пулдун көлөмүнө нааразы. Алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндө мындай абал болмок эмес”, - дейт Жамалдинов.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, экс-депутат Камчыбек Ташиев, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, юрист Канатбек Азиз, Ак Үйдүн алдына барып түкүргөн Рамис Закирияевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан