19-июлда Ак үйдө Кыргызстандын шайлоо системин өркүндөтүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун жыйыны болуп, анда чет мамлекеттен келген 3 компания электрондук шайлоо өткөрүүгө байланыштуу өздөрүнүн жабдуулары менен тааныштырып, ар кимиси өз продукциясын мактап-жактап, “биздин компаниянын кызматынан пайдалансаңар шайлоо ачык-айкын өтөт” деп жатышты. Жумушчу топтун мүчөлөрү электрондук шайлоого сөзсүз түрдө өтүү керектигин билдиришти. Жыйынтыктоо учурунда Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев бийлик жарандардын ишенимин шайлоону таза өткөрүп гана кайтара аларын билдирди. Негизи эле Кыргызстанга электрондук шайлоо системин киргизүү керекпи, бул аппараттар бизге канчалык деңгээлде зарыл экендигин билүү үчүн айрым адамдарга суроо салдык.
Кыргызстанда электрондук шайлоо системин киргизүү шайлоонун таза өтүшүнө канчалык деңгээлде таасирин тийгизет?
Туратбек Мадылбеков, ЖКнын депутаты:
- Бул системде кандай жабдуулар колдонорун жакындан көрө элекмин. Бирок менин түшүнүгүм боюнча, бара-бара бул системге өтүшүбүз керек. Себеби шайлоо процессинде кызмат кылган адамдар азайып, жалаң жабдуулар колдонулуп калса, ошончолук шайлоо таза өтмөк. Бирок бул нерсени жакшылап изилдеп чыкпаса да болбойт. Бир кооптуу жагы серверден ар кандай алдамчылыктар жасалып кетиши мүмкүн. Бир эле киши отуруп алып компьютер менен башкарып, шайлоого терс таасирин тийгизип коюшу толук ыктымал. Ошондуктан бул нерсени дыкаттык менен иликтеп, ошого тиешелүү мыйзам долбоорлорун жазып чыгуу керек. Ал эми Монголияга кесиптештерим барып келип, электрондук шайлоо алда канча таза өтөрүн айтып келишкен жайы бар. Демек, бул нерсеге акырындап өтүүбүз абзел.
Гүлнара Журабаева, БШКнын мүчөсү:
- Электрондук шайлоо системин киргизүүнү колдойм. Биринчиден, электрондук систем киргизилсе шайлоочулардын тизмеси так болот болчу. Экинчиден, башка жерден добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болмок. Себеби электрондук жабдуулар аталган жаран башка жайдан добуш бергендиги тууралуу маалыматты чыгарып коюшат. Үчүнчүдөн, шайлоо бүткөндө бюллетендерди саноо учурунда да алда канча тактык болот. Анткени мурун добуштарды саноодо шайлоо комиссиясы канчалык көңүл бурса дагы, ар кандай жолдор менен алдамчылык кылган учурлар катталган да. Ал эми электрондук шайлоодо тиешелүү жабдуулар добуштардын санын автоматтык түрдө эсептеп чыгарат. Эгерде кимдир бирөө ал машинкага ишенбесе, анда шайлоо учурунда урнага ташталган бюллетендерди саноо менен бирге машинка чыгарган сандарды салыштырып чыкса болот. Анан да элдерде, эң башкысы, ишеним болушу шарт.
Улукбек Кочкоров, ЖКнын депутаты:
- Электрондук шайлоо системин киргизүү абдан жакшы идея деп ойлойм. Себеби Монголияда өткөн шайлоону көрүп буга дагы бир жолу ынандым. Ал үчүн, биринчиден, ар бир шайлоочунун электрондук, биометриялык өздүгүн тактап алуу зарыл. Кийин шайлоо учурунда колду мониторго койгондо шайлоочунун аты-жөнү өзү эле чыгып калат. Эгерде башка участокко барып шайлоого катышам десе, ал жерден дароо шайлоого катышкандыгы тууралуу маалымат келет. Карусель системи жоюлат. Дагы бир жакшы жери, шайлоо бүткөн соң анын жыйынтыгы аз убакыттын ичинде билинет. Ошондой эле онлайн режиминде кимдер шайлоого катышканы, ким катышпаганы тууралуу маалыматты көрсөк да болот. Эгер автоматташтырылган негизде шайлоо өтө турган болсо, 100 пайыз таза шайлоо болоруна ишенем. Бул системди киргизүү үчүн 3,5 миң шайлоо участогу бар Монголия 12 миллион доллар каражат сарптаптыр, ал эми Кыргызстанда 2,5 миң шайлоо участкасы болгондуктан, мындан азыраак сумма кетет. Анын үстүнө биз ар бир шайлоого 460 миллион сомдон коротуп жатпайбызбы, электрондук вариантта боло турган болсо, каражатты да алда канча үнөмдөйт элек.
Эркинбек Алымбеков, ЖКнын депутаты:
- Шайлоо таза өтүшү үчүн электрондук системди комплекстүү түрдө киргизүү керек. Комплекстүү дегеним, ар бир шайлоочуну каттоого алып жатканда маалыматтарды так, туура алуу кажет. Жакында эле Монголиянын президентин шайлоосуна күбө болдум. Бул системдин жакшы жагы, 5-6 гана саатта жыйынтыгын дароо чыгарды да, утулуп калган президентке талапкер эч кандай нааразы болбостон 51 пайыз добуш алып жеңишке жеткен президентти алгачкылардан болуп куттуктады. Бизде 2 бийлик митингдер болуп жатып кулады, эми 3-жолу мындай көрүнүшкө жол бербөө үчүн автоматташтырылган систем сөзсүз түрдө керек. Ошондой эле биометриялык тизмени түзүп алсак, ар бир адамдын жеке номери менен ал жаран кайда жүрөт, окуп жатабы, үйлөндүбү, чет мамлекеттеби, канча салык төлөп жатат, кыскасы, бардык маалыматты билип турат элек. Бул экономикабызга да оң таасирин тийгизмек.
Аалыбек Акунов, саясат таануучу:
- Кандай болгон күндө да бул систем менен шайлоо жаман жагына өзгөрбөйт деп ойлойм. Себеби алдыга жылыш болот, заманбап техниканын колдонулушу эң жакшы нерсе. Технология шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол бербейт. Ал эми бир эле киши сервер аркылуу шайлоону бурмалап коёт деген сындуу пикирлер туура эмес. Алдын ала эле бир нерсенин жаман жагын элестетип, аны ойлоп отура берүүгө болбойт. Шайлоонун бул түрүн мен колдойт.