Экс-мэр Албек Ибраимов "Дастан" ишканасына таандык пансионаттын акцияларын арзан баада сатылышы боюнча кылмышка шектелип жатат. Бул тууралуу 18-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Албек Ибраимов "кызматтык милдетин аткарууда ишенип берилген мүлктү жок кылуу" беренеси боюнча айыпталып жатат.
"Албек Ибраимов президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп турганда анын көрсөтмөсү менен "Дастан" ишканасына таандык пансионаттын ("Солнечный берег") 100 пайыз акциялары сатылган. Ишкананын 98 пайыз үлүшү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тиешелүү болгондуктан мамлекетке 82 750 556 сом зыян келтирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө пансионаттын азыркы ээси М.Б. мамлекетке келтирилген зыянды төлөп берди", - деп айтылат маалыматта.