КҮНСЕРЕП: Антикытайлык митингдин уюштуруучусунун артында Ак Үй турабы?

Бүгүн, 21-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкекте Ак Үйдүн алдына Кыргыз циркинин эмгек жамааты митингге чыгышты. Талабы – бир айдан бери бош турган цирктин директору кызматына өздөрү сунуштап жаткан Аида Акматованы дайындап берүү. Цирктин артисти Клара Тажиева: "Директорлукка цирктин көйгөйүн жакшы билген, циркти түшүнгөн адам жетекчи болушу керек", - дейт.

Митингге чыккандарды маданият маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кабыл алып, Аида Акматованын да талапкерлигин карайбыз деп убада берди. Министр бул кызматка 2-3 талапкер каралып жатат деди.

Кыргыз цирки, анын жетекчилиги боюнча маселе өткөн жылы күзүндө коомчулукка жарыя болгон. Парламентте депутаттар цирктин ал кездеги жетекчиси Курмангазы Исанаевдин коррупциялык иштери боюнча цирк жамаатынан арыздар түшүп жатканын айтышып, декабрь айында циркти 14 жыл жетектеген Исанаев кызматтан кетүүгө арыз жазган. Жамааты Исанаев цирктин карамагындагы жерлерди өзү билип кафе жана дүкөн катары пайдаланууга ижарага берип, жамааттын ишмердүүлүгү үчүн каражат бөлүнбөй, кароосуз калды деген нааразычылыктарды айтышкан.

Министрдин айтымында, Кыргыз циркин жетектөөгө Фархат Бекманбетовдун, Светлана Ашированын талапкерлиги каралып жатат. Фархат Бекманбетов буга чейин "Ата Мекен" фракциясынын квотасы менен КТРКнын Байкоочу кеӊешинин төрагасы, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп иштеген. “Айтыш фильм” киностудиясынын мурдагы продюсери. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Ата Мекендин" тизмесинде 39-катарда депутаттыкка талапкер болгон. Убагында депутат Садык Шер-Нияз түптөгөн "Айтыш" коомдук фондун жетектеген. Кызматтык жолу "Ата Мекен" фракциясына көбүрөөк байланып келе жаткан Бекманбетовду цирктин жетекчилигине көрсөтүү сунушу да парламент депутаты Садык Шер-Нияз жана "ата мекенчилерден" чыгышы мүмкүн. Светлана Аширова - 30 жашта, циркте гимнаст болуп эмгектенет. Аида Акматова Кыргыз циркинде гимнаст, цирк кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жакында “Супер-Инфо” гезитине берген маегинде өзүнүн балалыгы циркте өткөнүн, бир нече жыл ушул өнөрдүн аркасында Европада иштеп келгенин айткан. Цирктин эмгек жамааты бүгүн "Аида Акматова цирктин көйгөйүн жакшы билет" деп жатканы ушундан улам.

Бүгүнкү цирк кызматкерлеринин директор дайындап берүү маселеси менен Өкмөт үйүнө эмес, президенттик аппарат отурган Ак Үйгө митинг уюштуруусу бир нерсени жакшы көрсөтүп турат. Коомчулук өкмөт дайындачу кызматкерлер дагы өкмөт үйүндө эмес, президенттик аппарат отурган жерде чечилерин түшүнүп турат. 2016-жылы Конституция референдум аркылуу жаңыланып, өкмөт башчынын бийлиги өскөнү кагазда гана кала берди...

КТРКнын башкы директорлук кызматына ким барары кызыгуу жаратып жатат. 18-январда телеканалдын Байкоочу кеӊеши тарабынан аталган кызматка сынак жарыяланганы белгилүү болду. Телекомпанияны жетектөөгө татыктуу деп коомчулукта бир топ адамдардын аты-жөнү айтылууда. Алардын арасында Шайырбек Абдрахман, Кайыргүл Урумканова, Ибрагим Нуракун уулу өңдүү адамдар бар.

Коомчулукта “бийликтин оппоненттерине карата болуп көрбөгөндөй ыплас кара пиар жүргүздү” деген сын-пикир күчтүү экенине карабай телеканалдын учурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков экинчи мөөнөткө ордунда калат деген пикирлер да айтылууда.

Бийликтин маалымат куралы болгон КТРКга жетекчиликке профессионалдуулукка караганда, бийликте отургандарга берилгендик, Ак Үйдүн айткан кебинен чыкпай тапшырманы аткарууга даярдык көрсөткүчү жогору бааланып келери белгилүү. Андыктан, бийликтин айдаган жагына барып, аларга ийилип кызмат көрсөтүүгө жөндөмү бар адам барат деп күтсө болот. 2011-жылдан 2017-жылга чейин КТРК Алмазбек Атамбаев башында турган бийликтин камчысын чапты, мисалы, президенттик шайлоонун алдында Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров өӊдүү оппозициялык маанайдагы саясатчылардын атын каралоодо көгүлтүр экрандан күнү-түнү берилген берүүлөр жакшы эле роль ойноду. Бийлик түзгөн оппозициячыл “Ата Мекенчи” депутаттар Текебаев, Шыкмаматов, Салянованы каралоо максатында уюшулган “Белизгейт” окуясы учурунда бул телеканалдын эфиринен күнү-түнү кайталоолор менен берилип турду. УКМК учурунда Абдил Сегизбаев Атамбаевге көрсөтүп сүрөткө түшкөн документтер жок экендигин расмий түрдө моюнга алды. Окуя ошону менен тынчып кала берди. Депутаттарды жок кылмышка айыптап каралагандар эч кандай жаза тартышпады, Илим Карыпбеков дагы. Алмазбек Атамбаев КСДПнын атынан Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер кылып алып чыгып, жети дубанды түрө кыдырып түз дагы, кыйыр дагы үгүт жүргүзүп жүрүп, Жээнбеков шайлоодо утуп чыкты. Бирок Атамбаев-Жээнбеков тандеми көпкө созулбады. Бийлик алмашып, мурунку менен азыркы президенттин ортосунда тиреш башталганы Илим Карыпбеков жетектеген КТРК азыркы бийликти мактоого өттү, Карыпбеков болсо креслосун дагы бир жылга сактап калды...

Кыргыз жеринде мыйзамсыз жүргөн Кытай жарандарына каршы Бишкекте өткөн митингде модератор болуп, уруксатты мен алгам деп өзүн уюштуруучу көрсөткөн Аманбол Бабакулов талкууга түштү. Интернет желесине анын жакынкы эле убакытта президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев, президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева менен түшкөн сүрөттөрү жарыяланып, сындалып жатат. Бабакуловдун Ак Үйгө ат тезегин кургатпай каттаганы жана жарыяланган сүрөттөрдөн улам "Кытай жарандарына каршы митингдин артында Ак Үй турабы?" деп суроо салгандар чыкты. Ак Үйгө каттап жүргөн адамдын минтип бийликке каршы акцияны жетектеп, талап коюп жатышы элди алаксытуу үчүн эле уюшулган спектакль, ыңгайы келсе экс-президентке байлай коюп, ага каршы маанай жаратуу аракети эмеспи?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан