"Бийликти басып алууга аракеттенген" деген айып менен камалган Эрнест Карыбеков Жогорку Сотко арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда SUPER.KG'ге Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаевге байланышканыбызда маалымдады.
Анын айтымында, жаңы кодекстердин ишке киргенине байланыштуу камактагы саясатчы Карыбеков өзүнүн жаза мөөнөтүн кайра карап чыгуу өтүнүчү менен Жогорку Сотко арыз жазган.
"Сот Карыбековдун ишин 26-февралда карайт деп күтүп жатабыз. Ал учурда №1 абакта кармалып турат", - деди Аргынбаев.
2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган. Эрнест Карыбеков "кылмышты жаап-жашыруу" жана "мамлекеттик чыккынчылык" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилген. Өткөн жылдын 7-июнунда кылмыш иши Жогорку Сотто кайра каралып, жаза мөөнөтүн 6 жылга кыскарткан. Ушул жылдын 12-февралында абактагы саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов мөөнөтүнөн мурда бошотулганы маалымдалган.