Чек ара кызматы: "Кыргыз-Тажик чек арасында чогулган элди таратуу максатында асманга ок атылды"

Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосунда кайрадан чыр чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат катчынын айтымында буга чейин чогулуп тарап кеткен 2 өлкөнүн тургундары саат 20:10до кайрадан чогулуп, бири-бирине таш ыргытышкан.

"Кайра чогулган элди таратуу максатында чек ара кызматындагы кызматкерлер асманга ок атышууда. Ал эми жарандар арасында эч кандай ок атышуу болгон жок. Жеринде тийиштүү кызматкерлер иш алып барышууда", - деди маалымат катчы.

Буга чейин айыл тургундары тажик тараптын Ак-Сай-Там унаа жолунун салынышына каршы чыгышканына байланыштуу 2 элдин жарандары чогулганын билдирген.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aiba85
2019-03-13 22:01:05
Кыргыз чек арачылары жокпу?
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан