Кыргыз-Тажик чек арасында жаракат алгандардын 10у Бишкекке жөнөтүлдү

Кечээ, 16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында абал курчуп, октон жабыркаган 13 адамдын 10у Бишкекке жөнөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабыркагандарды Башкы штабдын аскердик тик учагы менен борборго алып кетишти. Алар Бишкек шаарындагы ооруканаларга жаткырылып, дарыланууну улантмакчы.

Кечээ, 16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында ок атылып, 41 жаштагы чек арачы Равшан Муминов каза болгон. Мындан тышкары, дагы 13 жарандын жаракат алганы маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bektur2011
2019-09-17 13:09:09
Аман-эсен жакшы болуп кетишсин Тажиктер өзбектерге кың дагы дей албайт тезинен чечиш керек.
+4
altyn-kumush
2019-09-17 13:37:02
Жаракат алгандарга ден-соолук тилейли. Бүгүнкү күндө болуп жаткан окуялар эбак чечлиши керек болчу.
0
Omush94
2019-09-17 17:48:55
Өкмөт алдады дагы ким кошулат. Маселе чечпей эле жабыркагандарды бишкекке жөнөткөн болуп эч нерсе чечпейт деле. Бишкекке келип дарыланганга курсаант болуп кайра эле үйүнө барганда 2. 3 айдан кийин баягы көрүнүш атышмай. Эч нерсе чеч албайт кыргыз бийлиги, элин кыйнап басмырлагандан башка
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан