Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылыштан жабыркаган 10 адам Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келинди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алып келинген 10 жарандын ичинде 2 аял жана бир бала бар.
"Учурда жабыркагандардын абалы туруктуу. Азыр алар тийиштүү текшерүүлөрдөн өтүп жатышат. Анын жыйынтыгы менен гана алдыдагы дарылануулары аныкталат. Ал эми Лейлек аймактык ооруканасында 3 жаран дарыланып жатат. Алардын экөөсүнө операция жасалды. Абалдары оор, бирок туруктуу. Ал эми бир жаранды операцияга алып кетишти", - деп билдирет министрликтен.
Кечээ, 16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында ок атылып, 41 жаштагы чек арачы Равшан Муминов каза болгон. Мындан тышкары, дагы 13 жаран жаракат алган. Ал эми жаракат алгандардын 10у бүгүн тик учак менен Бишкек шаардык ооруканасына алып келинди.