Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан жалпы 3 адам ооруканага жаткырылган. Алар октон жаракат алгандар.
Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбеков SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында кечээ бир адам октон жаракат алса, бүгүн экөө жабыркаган.
"Кечээ, 13-мартта бейтапканага түшкөн адамга операция жасалган. Анын жаракаты оор, учурда абалы да оор. Ал эми бүгүн бизге түшкөн экинчи жаран бутунунан жабыркаган, ал жандандыруу бөлүмүндө жатат. Үчүнчү жаранды "Тез жардам" кызматы алып кетип ооруканага жайгаштырды. Азыркы убакта Ак-Сай айылында биздин кызматкерлер жеринде иштеп жатышат. Биз тараптан бардык дары-дармектер жетиштүү", - деди Бөрүбеков.
Кечээ, 13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 5-6 адамга таш тийип жаракат алышканы маалымдалган.