Депутат Кыргыз-Тажик чек арасын тез арада делимитациялоо жана демаркациялоо керектигин айтты

Депутат Зиядин Жамалдинов Кыргыз-Тажик чек арасын тез арада делимитациялоо жана демаркациялоо керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал чек арада чыр чыкканда эле өкмөткө кайрылып жатышкандарын айтты. "Баткенде эл коркуп жашап жатат. Чыр чыкканда эле өкмөткө айтабыз. Өкмөт болсо "сүйлөшүп койдук, протокол түздүк" дейт. Көп өтпөй кайра эле жаңжал чыгат. Делимитация жана демаркация маселесин тез арада чечиш керек. Антпесе чыр токтобойт. Болбосо өкмөт ай сайын келип, иш ордунан жылып жатабы маалымат берип турсун", - деди Жамалдинов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Jaznura
2019-12-19 10:54:53
Чек араны депутат айткандай делимитация жана деморкация иштерин тездетүү керек.
+3
Zhoro
2019-12-19 11:11:28
Чек ара тууралуу ....
0
salimbek87.kg
2019-12-19 11:13:27
Губернатор кылып Айбалаевти койуш керек баткенге. Жеңиш Раззаков кетиш керек иштен лейлек 95%колдойт ушул сунушту . Айбалаев 15.20 күндүн ичинде чечет чек ара маселесин.
+1
Aimani
2019-12-19 11:36:56
salimbek87.kg,чек ара маселеси губернатор чече турган маселе эмес болуг керек. Президент менен өкмөт чечет.
+1
Alixan-Nookat.2015
2019-12-19 11:30:17
Ар дайым ушундай тополоң чыкканда чек араны чечүүнү тездетүү керек дейт бирок жыйынтык жок.
+2
Absamat-90
2019-12-19 11:35:03
Дал ошол делмитация жана деморкация иштери биз ойлогондой оной болсо бат чечилет эле да.Бир кезде кетирген каталыктын айынан бугун калк кыйналып жатат. кызыл тили менен буудай кууруп журуп жеткирген жери ушул болду бир кездеги СовБездин кылганы.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан