Тажик УКМКсы Кыргыз чек арачыларын "2 кичи автобус Тажик жаранын барымтага алды" деп айыптады

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга баа берди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тажик УКМКсы жаңжалды 13-мартта кыргыз тарап баштаганын билдирген.

"Ворух аймагынын тургундары "Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык" автожолунун курулушуна нааразычылыгын билдирген учурда кыргыз тарап ок чыгарган. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн күч органдары"Исфара-Ворух" жолун жаап, 2 кичи автобустагы тажик жарандарын барымтага алган. Барымтадагыларды алар "Ак-Сай" чек ара бөлүмүндө кармап турушкан. Баткен районунун Аксай айылынын башчысы Эркин Жалчиев баш болгон 50-60тай Кыргыз жараны Ворухтун жашоочулары тарапка таш ыргытышкан. Жыйынтыгында 11 адам оор жаракат алып ооруканага жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары Коопсуздук кызматы жабыр тарткан Тажик жарандары тууралуу да маалымат берген.

"Хусеин Хакимовдун жүрөк тушуна ок тийип, ооруканада каза болгон. Октон 46 жаштагы милиция кызматкери Саидшариф Авеззода да жаракат алган. Ворухтун тургундары Рахим Аюбовдун башына, Максадчон Атамовдун бутуна ок тийип ооруканага жеткирилди. Ал эми Чоркухтагы кампанын ээси Абдумажид Муллоджоновго таш тийген. Муллоджоновдун кампасы менен кошо Чоркухтагы тегирменди кыргыз чек арачылары өрттөп жиберишкен", - деп билдирген тажик УКМКсы.

Буга кошумча маалыматта учурда чек арадагы абал турукташып, эки тарап абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгы айтылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
baisogur
2019-03-15 09:53:59
Тажиктер менен кошуна болсон ай балтанды ала жур ХХХХ болушат
+5
Gulnyr19
2019-03-15 10:11:55
Биздикилер олтурат мылтыйып ачыьаган камырга окшоп
+10
Simels
2019-03-15 10:18:15
Эгер ушунун баары чын болсо молодцы биздикилер
+15
bekiw.801
2019-03-15 10:18:50
Биздин жетекчилер "Ботколор" не кылышты билбей маң го. Жер кыргыздыкы болгондон кийин чара көрүш керек эле
+12
admin_portal
2019-03-15 10:58:34
expert.007, провокация жаратпаңыз. Эскертүү!
+2
bond02
2019-03-15 11:22:13
Тополон чыгарган кошуна тарап, а куноолуу биз болуп калбасак болду. Коросунор го биздин бийлик «айколдук» кылып озубуздукулорду жазага тартат эми, чек арада иштегендерди жана ошол айылдын кээ бир жашоочуларын.
+5
Skarlett-Skarlett
2019-03-15 14:23:50
Кыргызга тийишпей жургуло анда.Докчу ХХХХ тажиктер десе
0
munar1980
2019-03-16 20:15:19
Иши не тажмктердин эгерде биз озубуздун аймагыбызгы жол салып жатсак неге наразы болушат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан