18-майда Ак-Сай жана Ворух айылынын чек арасында Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрүшкөн.
Жолугушууда эки тарап жетишилген келишимдердин аткарылышын талкуулашкан. Бул тууралуу чек ара кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 18-майда Ак-Сай жана Ворух айылдарынын чек арасында эки тараптан тең посттор коюлду. Саат 07:25тен баштап унаалар Ходжай-Ало - Ворух жана Ак-Сай - Тамдык багыттары боюнча жүрүп баштады. Мындан тышкары саат 08:00дөн баштап тараптар Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында биргелешкен күзөттөрдү өткөрүшөт", - деп айтылат маалыматта.