Лейлектин тургундары Баткен районуна тоону ашып өтүүдө. Жол кооптуу

Лейлек жана Баткен районун байланыштырып турган унаа жол дале ачыла элек. Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов тургундар жаңы салынып жаткан жол аркылуу тоону ашып өтүп жатканын SUPER.KG'ге 15-мартта кабарлады. Анын айтымында, жол кооптуу.

"Жол жабык болгондуктан жаңы салынып жаткан Ак-Сай-Тамдык айланма жолунун айрым жерлерин ачтык. Тургундар жеңил унаалар менен ошол жол аркылуу Баткен районуна каттап жатышат. Оор жүк ташыган унаалар токтоп турат, анткени жол кооптуу. Жеңил унаалар кыйынчылык менен тоону ашып өтүп жатышат. Тактап айтканда, бир саат дегенде ашып өтүшүүдө", - деди Бекмуратов.

13-мартта Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон 3 Кыргыз жараны жаракат алса, Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы жазылууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aida007
2019-03-15 20:05:12
Лейлектиктерге кыйын болду
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан