Баткендеги Көк-Таш айылынын 4 тургуну бир айга камакка алынды

Баткен районунун Көк-Таш айылынын 4 тургуну 11-январда милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, алар Кадамжай райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-декабрь күнү саат 09:20 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары айылдагы мечиттин жанына чогулушкан. Алар жолдон өтүп бара жаткан Тажик Республикасынын Исфара районунун Майский айылынын тургундары менен өз ара уруша кетип, эки тарап таш ыргытышып, урушуп кетишкен. Натыйжада Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургунунун Хонда-Стрим унаасынын айнегине таш тийип, айылдын 2 тургунунун турак үйлөрүнүн шиферлери сынган. Мындан сырткары, Көк-Таш айылынын бир тургунунун башына таш тийип, жараат алган.

Бул жагдай Баткен РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "массалык баш аламандыктар" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Мындан сырткары, 2020-жылдын 11-январь күнү Көк-Таш айылынын тургундары жолдон өтүп бара жаткан Көк-Таш айылынын Дахма участкасынан Тажик жарандарынын Хундай-Портер үлгүсүндөгү унаасын таштар менен уруп, эки капталындагы айнектерин сындырып салышкан. Бул факты "бейбаштык" беренеси менен катталып, текшерүү иштери башталган. Жогорудагы кылмыштарга катыштыгы бар же аларды уюштурганга тиешеси бар делинип, Көк-Таш айылынын 4 жаранын тиешелүү далил менен суракка алып келишкен. Алардын экөөсүнүн жанынан тийиштүү документтери жок ок атуучу курал алынып, соттук-экспертизалар дайындалган.

Кечээ, 13-январда Кадамжай райондук соту 4 жарандын баш коргоо чарасын карап, аларды бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Okur_man
2020-01-14 16:18:13
бир айданбы же бир айгабы?
-3
Tolkun555
2020-01-14 17:27:56
Okur_man,какая тебе разница
-2
Alimbek1000
2020-01-14 17:38:03
КАКАЯ РОЗНИЦА?
-3
Alimbek1000
2020-01-14 17:38:38
Алар провокаторлор экен да демек, от чачып тутанткандар.
-8
chake
2020-01-14 16:24:18
кыштын күнүндө жаш балдар кары картандардын баарын тынчтыгын бузуп түйшөлткөндөр эсинерге келгиле бул нерсе оюнчук эмес көзүңөрдү ачкыла
-6
medet1983
2020-01-14 16:25:41
Элин жерин коргойлу деген балдарды камашат акмактар.
+15
Jaznura
2020-01-14 16:28:45
Провакацияга алдырып койгон көрүнөт. Кандай болсо да согуш чыгып кетсе эмне болмол?
-8
zzz---zzz
2020-01-14 16:38:15
Jaznura,4 жигитти эмес, ошол колунан пок келбеген милициянын начальнигин, чечим чыгарып берген соттун, губернатор болгон Мадумаровту, жана эч нерсенин өйдөсүнөн чыкпаган Раззаковту баш болуп иштен алыш керек. Элин жерин ата-энесин коргогон төрт жигитти бошотуу керек.
+16
erlanspb
2020-01-14 16:37:11
Тажиктерге кучу жетпей ошолорду камаганычы ошондойда болчубу закон бизде жакшы иштебейт
+10
altyn-kumush
2020-01-14 16:49:14
Куйуп жаткан жерге бензин чачкандар болсо керек да. Мыйзам бар олкодо башаламандык болбошу керек
-4
milan-707
2020-01-14 16:51:21
Мен тушунбодум неге баткенде болсо кадамжай соту чечим чыгарат
+7
tina-Tin
2020-01-14 17:55:56
Бошоткула чек араны коргоп жаткан элди. Озунор барып жашап коргуло чек арага. Ошол окум чыгарган сотту да алып алгыла. ЧЫККЫНЧЫЛАР.
+6
arimaz89
2020-01-14 18:14:59
Тажиктер ок чыгарып, кыргыздардын тамдарынын башын талкалап, машиналардын терезелерин талкаласа алар жөнүндө ооз ача алышпайт да, өз жарандарын гана камаганга каруулары жетет. "Жаман айгыр өз үйүрүнө тап коёт" деген ушул да. Өлкө башында өлүмтүктөй шүүдүрүмдөр отурганда карапайым калктын шору арылбастыр жакын арада
+6
Muslim.azamatovich
2020-01-14 19:09:43
Тажиктерге чондордун алы жетпей кучторун жонокой озубуздукулордон чыгарып камаштыбы,эшектер!
+7
elchi84
2020-01-14 19:14:07
Эми чек араны коргоодо элдер баш көтөрбөйт минтип эле камай берсе кайра мамлекет жердин өтүп кетишине көмөктөшүп жаткандай го элдин озун жабып!
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан