Кыргыз-Тажик чек арасында абал тынч, бирок Баткен-Лейлек жолу ачыла элек. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, дем алыш күндөрү чек арага жакын аймактарда жарандардын топтолуусу байкалган эмес.
"Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Чек ара кызматынын жетекчилери, ИИМдин кызматкерлери учурда Баткен облусунда жүрүшөт. Бүгүн эки тараптын абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрү уланат.
Баткен-Лейлек, Исфара-Ворух унаа жолдору жабык бойдон калууда. Чек арага жакын аймактардын тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Чек ара кызматынын күчөтүлгөн тартипте иш алып баруусу уланууда", - деп айтылат маалыматта.