Кыргыз-Тажик чек арасындагы Ак-Сай айылынын тургуну кырдаал курчуп кеткенден кийин жергиликтүү эл кооптонуп баштаганын билдирди.
"Бир саат мурун Тажикстандын Ворух айылы менен Кыргыз айылдарынын ортосунда жаңжал ырбап кетти. Эки өлкө ортосунда таш ыргытуу болуп, атылган октун үнү угулду. Бир милиция кызматкери жаракат алганын айтып жатышат. Ак-Сай айылынын эли кооптонуп тоо тарапка качып баштады", - деди айыл тургуну.
Чек ара кызматы да Кыргыз-Тажик чек арасында кайрадан абал курчуп, бир адам жаракат алганын маалымдады.