Кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыкканы кабарланган. Анда чыр Ак-Суу дарыясынын жээгиндеги Тажикстан менен чектешкен чек арадан 3-4 метр аралыкка тажик тарап шагыл түшүрүп баштаган. Кыргыз өлкөсүнүн чек арачылары ишти токтото турууну өтүнүшкөн, бирок Тажикстандын атуулдары кыргыз чек арачыларынын талабына карабай ишин токтоткон эмес.
Андан соң тажик тарап Головной тилкесиндеги электр мамыларына видео байкоо орното баштаган. Ага Чек ара кызматынын кызматкерлери барып, видео камераларды уруксатсыз орнотууну токтотууну талап кылган.
Ал эми бүгүн, 29-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы маалымат таратып, чырды Тажик тарап баштаганын маалымдады. Маалыматта айтылгандай, кырдаалдын курчушуна Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон.
Андан көп өтпөй, Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы окуя боюнча эки кылмыш иши козголгонун билдирди.
"Тажик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, жергиликтүү айылдык ооруканага түшкөн. Бул жагдай Баткен РИИБинде "киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - дешти мекемеден.
Ал эми Чек ара кызматы Тажик тарап суу алуучу жайга орнотулган камераларды алууга убада бергени менен, азырынча ал алына электигин кабарлады.
Ал эми Тажикстандын жергиликтүү маалымат булактары чыр Кыргыз тараптан келип чыкканы тууралуу маалыматтарды жарыялап жатат.
Коңшу өлкөнүн маалымат булактарында жазылган маалыматты өзгөртүүсүз беребиз.
"28-апрелде Исфара районунун Ходжаи Ало айылынын жана Кыргыз өлкөсүнүн Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары тажик тараптын Головной суу алуучу жериндеги электр мамыга видеокөзөмөл орнотуусунан улам чыр чыккан. Адамдар бири-бирине таш ыргытышкан, эки тарапта тең жабыркагандар бар деп айтылууда.
Тажик тарап суунун бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөө үчүн видеобайкоо камерасын орнотту. Кыргыз тарап өз камерасын суу алуучу жайга көптөн бери орнотуп келген.
Окуя болгон жерге Кыргыз өлкөсүнүн чек арачылары келип, камераны орнотууну токтотууну талап кылышкан. Эки тараптын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда ок атуулар угулган.
Ходжаи Ало айылынын тургундарынын бири "Озоди" радиосуна берген маегинде жаңжал саат 15:00 чамасында башталып, үч саатка жакын созулганын айтты. Анын айтымында, тараптар бири-бирине таш ыргытышкан, натыйжада тажик айылынын кеминде 15 тургуну жаракат алышкан. Жабырлануучулардын бири Ашурбой Сафаров бир нече айылдаштары менен бирге жергиликтүү ооруканага бара жаткандыгын айтты.
Кыргыз бийлиги башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилген Көк-Таштын кеминде эки жараны бар экенин кабарлады.
Тажик чек ара кызматы Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуя боюнча азырынча комментарий бере элек. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, чыр-чатак токтогон.
Эске сала кетсек, 17-апрелде Головной суу алуучу жайдын жанындагы Исфара жана Баткен чек ара айылдарынын жашоочуларынын ортосунда жаңжал чыккан. Кыргыз бийлиги ЖМКларга «түшкө жакын кыргыздар Головной суу алуучу жайында оңдоо иштерин башташты, бирок тажик тараптын тургундары нааразычылык билдиришти. Оозеки кагылышуу болуп, натыйжада иш токтоп калган. Окуя болгон жерге эки тараптан тең жергиликтүү администрациялардын өкүлдөрү жана чек арачылар келишти». Кыргыз өлкөсүнүн Баткен облусунун администрациясынын басма сөз кызматы "нааразычылык акциясына Ходжа Ало айылынын 30 чакты тургуну катышып, курулуш иштерине тоскоолдук кылууга аракет кылышкан, натыйжада тараптар түшүнбөстүккө алып келген" деп билдирди.
Белгилүү болгондой, 22-апрелде Фергана аймагында Тажикстандын, Кыргыз өлкөсүндөгү жана Өзбекстандын суу чарба органдарынын өкүлдөрү Головной суу алгычындагы сууну пайдалануу маселесин талкуулашкан, бирок алар бир пикирге келишкен эмес.
Суу алуучу жайга жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын ортосунда чыр-чатактар буга чейин да болуп келген. 2014-жылы эки тараптан тең ушундай жаңжалдан 9 адам жаракат алган. Головной суу алгычы 60-жылдары Кыргыз ССРинин талабы боюнча курулган".