52 милиция кызматкери Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыккан айылдарды күнү-түнү кайтарып чыгат. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге 18-мартта Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Кайратбек Мамуров кабарлады.
Маалым болгондой, чек арада кырдаалды жөнгө салуу боюнча кол коюлган протоколдун негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн унаа жана жөө патруль уюштурулду.
"Патрулда Баткен ОИИБи менен Согди ОИИБинин жалпы 52 кызматкери бар. Анын 16сы 4 унаа менен жүрсө, калганы жөө жүрөт. Алар Баткен районундагы Орто-Боз, Таш-Тумшук, Көк-Терек, Ак-Сай, Көк-Таш жана Тажикстандын Исфара районунун Ходжо-Аьло, Майский, Ворух айылдары менен чектешкен жерлерде болуп, күнү-түнү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзөт жана коопсуздукту камсыз кылат", - деди Мамуров.
13-мартта Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылса, 3 Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган.
18-мартта эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыкты. Жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшту. Протоколго ылайык, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулуш иштерин улантууга макулдашышты. Андан кийин Баткен-Лейлек, Исфара-Ворух жолу ачылды.