Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Чек арадагы окуяны жөнгө салуу жана жергиликтүү тургундардын арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу максатында Баткен ОИИБинин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Кечээ орун алган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды. Азыркы тапта коомдук абалды милиция кызматкерлери көзөмөлдөшүүдө. Жабыркагандардын арасында милиция кызматкерлери жана чек ара кызматкерлери да бар", - деп айтылат маалыматта.
22-июлда Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп ок чыгарган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жаңжалдан 8 адам жабыркаганын, экөөсүнө операция жасалганын кабарлаган. Ак-Сай айылынын жашоочусу болсо 11 адам жабыркап, алардын тогузу октон жаракат алганын айтты.
Жаңжал боюнча Кыргыз жана Тажик чек ара кызматы да билдирүү таратты. Тажикстан тарап жаңжалдан 1 адам каза болуп, 10дон ашуун адам жаракат алганын маалымдады.
Кыргыз-Тажик чек арасында бүгүн, 23-июлда саат 7:30га карата маалымат боюнча абал салыштырмалуу туруктуу деп бааланууда. Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна учуп кетти.