Тажик бийлиги таратып жаткан маалымат чын болсо Кыргыз өлкөсү 100 пайыз утулду. Мындай пикирин экс-депутат Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-мартта өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, кыргыз тарап жашырып жаткан маалыматтарды тажик бийлиги ачык таратып жатат.
"Чек арадагы чыр боюнча эки тараптын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын Тажикстан бийлиги толугу менен ачыктады. Тажик басылмалары кандай сүйлөшүүлөр болгонун, кандай чечимдер кабыл алынганын ачык-айрым жазып жатышат. Ал эми биздин коомчулукка андай маалыматтар жете элек. Коңшу мамлекет таратып жаткан маалыматтарга таянсак, кыргыз тарап үчүн пайдасы жок, тескерисинче зыян алып келе турган чечимдер кабыл алынган.
Мисалы, мен жеке өзүм Тажикстандын вице-премьер министринин маегин көрдүм. Ал "Биз Ак-Сай айылын айланып, Ворухка бара турган автожол салабыз. Жол 2019-жылдын аягына чейин бүтөт" деди. Жолдун статусу кандай? Жол салуу үчүн жерди кыргыз тарап убактылуу бердиби же биротоло өткөрүп бердиби? Өкмөт ушул суроолорго жооп бериши керек. Бул жерде жаап жашыра турган аскердик сыр эмес, бүтүндөй кыргыз элинин кызыкчылыгы чечилип жатат. Демек, баары коомчулук үчүн ачык жана жеткиликтүү болушу керек ", - деди Ташиев.
13-мартта Көк-Таш - Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылса, 3 Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган.
18-мартта эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыкты. Жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшту. Протоколго ылайык, Көк-Таш - Ак-Сай-Тамдык жолунун курулуш иштерин улантууга макулдашышты. Андан кийин Баткен-Лейлек, Исфара-Ворух жолу ачылды.
14-мартта Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына азыркы бийлик эч нерсе чече албай тургандыгын айтып, Баткенге жөнөп жаткандыгын жазган.