Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңеште депутат Карамат Орозова Кыргыз-Тажик чек ара маселеси каралып жатканда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев келбегенине нааразы болду.
"Бүгүнкү күнү чек ара маселеси актуалдуу болуп жатат. Эмне үчүн өкмөт башчы, башкы прокурор, тышкы иштер министри келген жок? Алар келбесе маселени кароону баштабаш керек. Биздин дарегибизге сын айтылса чычалап келебиз. Айтылган сындар туура", - деди ал.
Ошол эле учурда Орозованын пикирин Таабалды Тиллаев, Исхак Масалиев, Руслан Казакбаев колдоду.